Ак жоолук салынган эне.

1942 жылдын кыш суук жана катаал болду, кара кагаз биринин артынан бири келип, шаарча кайгыга батып калды.

Селсовет болуп Уулкан шайланды, ал өтө эрктүү , катаал аял эле, биз баягыдай эмгек акы албай, карточкага нан, картошка алып иштеп жаттык.

Бир суткада төрт саат эле уктайт элек, анан артелге чуркамай, бир күнү чоң машинеде материал алып келди.

Бир башкача канар капка салынган, көрсө ал парашют тигилүүчү материал экен. Ар бир парашюттан секирген десант жүздөн немецти атып өлтүрсүн деп тилеп, тигип жаттык. Андан сырткары эчкинин жүнүн ийрип кол кап, байпак токуйбуз.

Ал эми мектептен чыккан окуучулар Советтик жоокерлерге кат жазып алып келип берет, ал каттын мааниси мындай,

Урматтуу Советтик жоокер, биз силерди жеңиш менен күтөбүз. Сизге каалоо айткан Макаренко мектебинин окуучусу деп аты – фамилиясын жазат.

Кээ бир жоокерлер катка жоопп жазып алкыш айткан учурлар болду. Анда тим эле терибизге батпай кубанып жүрдүк.

Кимге уулунан, күйөөсүнөн, бир тууганын кат келсе артелге келип окуп берет, ошол келген каттан бир жоокердин биз кыйналдык ачка калдык деген сөз уккан жокпуз. Ар бир катта Гитлерге каршы айоосуз согушуп жатабыз, жеңиш менен кайтабыз деп жазышчу.

Катты окуп бүткөндөн кийин жооп жалпылап жооп жазабыз, шаарчада болгон жаңылыктарды, кандай иштеп жатканыбызды, каттын аягында сөзсүз, силерди жеңиш менен күтөбүз деп жазчы элек.

Энем ушул жерге келгенде көзүнөн жаш чууруп, бир топко аарчып отуруп калды.

Мен болсо кинодон көргөн эпизодду элестетип, энемди аяп турдум…

Көп күттүм, абаңдан дагы эле кабар жок болду, Бурмашка, Наркулга билгизбей ыйлап алам.

Жаз ортолоп калганда шаарчага радио койду, артелдин жанына жыгачка орнотуп койду.

Таң калып эле бүт шаарча качан сүйлөйт деп карап калдык.

Бир убакта говорит Москва, говорит Москва деп сүйлөп кирди.

Сүйлөп жаткан сөздү Уулкан которуп берип турду.

Батыш фронтунда жетишкендиги үчүн жоокерлер наам алдыды дегенде балдар урааа, деп өздөрү немецтерди жеңгендей чуркап жөнөштү.



Уландысы бар




Тоту Арзыкулова

www.kafiye.net