Сезим күчү…


Аалам түгөл, аралаган сезимди,
Сага арнадым, баёо жаштык кезимди.
Айланамды курчаса да сүйүүлөр,
Алмашпадым, эч бирине кечимди.


Издеп көрдүм канча адамдан өзүңдү,
Илбериңки айдап далай көчүмдү.
Издериңди көрбөй көөдөн кашайды,
Боло албадым сүйүү алдында өтүмдүү.


Түбөлүккө арман болуп жаралып,
Калгандайсың жүрөгүмө кадалып.
Кош канатым сынбаганда бул күнү,
Өмүр жолдо, кетмек эмес каталык.

Аттиң, аттиң көөдөн ээлейт кусалык…

Кайыр Жазы. Москва.
www.kafiye.net