ТАНГО БИЙИ.


Көктөм ачып күндүн жылуу илебин,
Коштоп турат,жай музыка үндөрүн.
Көрүшүүгө жакын калды беш кадам,
Бийге түшчү,ыргагын бир көрөйүн.


Көктөм ачып,гүлдүн сулуу бүрлөрүн,
Бажырайып кызыл көйнөк түрлөдүм.
Бирге басып танго бийдин ыргагын,
Бийлеп турдук,суктандырып калганын.


Көктөм ачып,жер бетине көрк кошуп ,
Жашыл майсаң,жан дүйнөгө ыр созуп.
Жанашканда бойлор менен ойлорум,
Жарашыктуу,бийлеп турдук коштолуп.


Көздөр менен сүйлөшкөнсүп,бир азга,
Кыялданып бийлеп жүрдүк жанаша.
Көптөн күткөн ушул убак көз ирмем,
Тубөлүккө калды жазылып ырларда.

Танго бийи , болду сезим ыргакта.

08.05.2018ж. Кайыр. Жолдошбековна.
www.kafiye.net