Тагдыры башка адамым

Таарынба мага тагдыры башка адамым,
Таалайлуу болмок менин да өздүк максатым.
Сүйбөгөн жанды жүдөтүп эмне кыласың?
Сыздатпаш үчүн, өзүңдөн алыс качамын…


Күтпөгүн мени тагдыры башка адамым,
Сен жакка эмес жасаган ар бир кадамым.
Карадың мени, сүйдүрдүң деп күнөөлөп,
Айыпка жыкпа ар түрдүү кылып амалың.


Түшүнсөң болмок, тагдыры башка адамым,
Күткөнүм башка, болгону үчүн жашындым.
Сен каалап жүргөн биздин жол эми бирикпейт,
Мен бакыт болбойм, жактырган мени адамым…



Райбекова А
www.kafiye.net