Буюрган бир күн Бүгүнкү

Ойлодум эстеп, өтмүшкө бүгүн кылчайып,
Кесилиш жолго кетпепсиң такыр из салып.
Катарлаш кылып тагдырдын катаал буйругу,
Башкага сени кошуптур, жашооң байланып.


Карасам тиктеп келечек жолум тунжурап,
Көрбөдүм сени, белгисиз башка жан турат.
Сыр болуп сезим, турса да сага тартылып,
Кетээрин билем, кармашкан колдор ажырап.


Унуткум келди, бир азга баарын эстебей,
Жашагым келди, кейиткен ойго берилбей.
Бизде бар жалгыз, буюрган бир күн БҮГҮНКҮ,
Унутчу баарын, ойлонуп ичтен эзилбей.


Сендикмин бүгүн, сен дагы мендик болуп кой,
Ачылып бир аз, суратпай көңүл буруп кой.
Бизде бар жалгыз, буюрган күндө Бүгүнкү,
Жайдары карап, бактылуу жандай күлүп кой.



Райбекова А
www.kafiye.net