САКТАН.


Кудай өзү салкын көзүн салбасын,
Эли журтум амандагын ойлосун.
Сактанганды сактайм деген Кудайым,
Сактаналы, бир тууганым, жакыным .


Моюн сунгун заң законго мыйзамга,
Кучакташпай, кол алышпай, абайла.
Аты жаман КОВИД күчөп кетпесин,
Бара бербе коңшу – колоң, тууганга .


Келди сыноо, сынап жатат элимди,
Ынтымакта, биримдикте, жеңели.
Аралыкты, тазалыкты бек сактап,
Бирик элим, бийик тутуп тилекти.


Күдөр үзбөйм жеңебиз бул апаатты,
Бай кедейди катар койгон санакты.
Эртең Нооруз, Умай энем аластайт,
Алас, алас, ар балееден калас дейт.


20 .03 2021.Бишкек А.Тоту .
www.kafiye.net