Жолдорду бөлүп салбайын



Өткөнбүз эбак, курактан алоо жеткинчек,
Түшүнүп турган ишенич бизде жетилмек.
Эх аттиң бирок, жалганчы экен бул ойлор,
Билгенде мендей, канча жан дагы эзилмек.


Кыр аштык канча ак-кара ойду тааныткан,
Курч болду көздөр, алысты көрүп каныккан.
Эх аттиң бирок, өзгөрмө экен мүнөздөр,
Аттатпай койгон жөнөкөй сыноо арыктан.


Ойлонтоор курак отуздун тузун артынып,
Оюндан калып, токтолдук эми тартынып.
Эх аттиң бирок балалык кылык калбады,
Ээн-эркин жүрүп, каалаган жолдо бастырып.


Каршылык кылба, кабагым салып какпайын,
Кадамым санап эзбегин, безип качпайын.
Эх аттиң жашоо жасалса колдо ийленип,
Куруучу болуп, жолдорду бөлүп салбайын.


Байлаба мени, канатым күүлөп талпынсам,
Аралап элди, талантым менен таанылсам.
Керексиз сөздөр, кем акыл менен жүдөтүп,
Кармаба мени, кайрылбас болуп таарынсам.




Райбекова А

www.kafiye.net