şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
АЛДАМЧЫ
(суроолор боюнча жазылды)
Түн караңгы, ызгаар уруп эшиктен,
Жан дүйнөмдү ызаа тээп эсилткен.
Куйкаланам сөзгө өртөнөм өзүмчө,
Ушагынан бирөөлөрдөн эшиткен.
Ишенгенмин ак сүйүүңө малынып,
Турганыңда жаныңы жеп жалынып.
Көрсө сенда эркектердин бирисиң,
Аргасыздан жүргөндөйсүң камыгып.
Билип койгун көз жаштарды куйулган,
Ким бар дейсиң ыйлаганды тыйалган.
Алдамчынын же өзүңүн …….сөзүңбү,
Сынагансып ооз уучунан чуубурган.
Өтөт күндөр жакшы күнүм алдыда,
Өкүнүчүм алды,артымда калдыда.
Ишенбесмин өмүр боюу эч кимге,
Чыйыр жолду бир өзүмө салганча.
Баары жалган сүйүү, жашоо ,алдамчы,
Адам дагы сөзгө турбайт жалганчы,
Анткорлонуп ишендирип ал сөзүнө,
Сууга айлантып буркуратып көз жашты.
ЛИРА СООДАНБЕКОВА.
www.kafiye.net
Yorum Yapın