Күтүү менен өтүп жатат күндөрүм



Өзүң сунуп, берип кеткен гүлдөрүң,
Үмүтүмдөй соолутпады бүрлөрүн.
Илеби жок болсо дагы ишенич,
Күтүү менен өтүп жатат күндөрүм.


Сени издеп талыбады көздөрүм,
Сага окшош башкаларды көрбөдүм.
Келбесиңди билсем дагы бул ирээт,
Үмүттү үзбөй, күтүүнү мен көздөдүм.


Сырдуу карап, санааркатып көңүлдү,
Табышмактуу айтып кээде сөзүңдү.
Ойго салып, кайра баарын жок кылган,
Кайдан таптың мындай татаал мүнөздү.



Райбекова А
www.kafiye.net