Кыз бала

Кыз баланы өз үйүндө конок дешет,
Бөлөк үйдүн тууруна конот дешет.
Сөөгү гана биздики деген менен,
Чыккан кызды баардыгы бөлөк дешет.


Орун тапса башканын бүлөөсүнөн,
Чыкты дешет максаттын мүдөөсүнөн.
Келише албай, көнө албай чайналганда,
Жалгызданып жардам албайт күйөөсүнөн.


Кыз бечара баардык жерге бөлөк экен,
Бой жеткенде ата-эне да бөлөт экен.
Жай табалбай буйдалып калса эгер,
Эрсиз калган жубан деп күлөт экен.


Кыз баладан миң түйшүк кетпейт экен,
Тийген жарын ийге салып эптейт экен.
Жакындатып эки жакты бириктирип,
Эби менен бейпилдикти беттейт экен.


Кыз баладан жалгыздык узабаган,
Кыз баладай көпүрөнү курабаган.
Ата-энеден тийгенин коргоп кайра,
Алганынан баласын калкалаган.


Кыз балача күчтүү жан барбы деги,
Кылыгында бакыттын түркүн кени.
Түйшүк тартып, аярлап ойлоп турат,
Ооруса да, чыкса да соңку деми.



Райбекова А
www.kafiye.net