Кечээки жөө жүрүштөн чыккан көөдөндөгү ызалык!



Кандай сулуу кандай назик аялзат,
Кимдер гана суктанышып карашпайт.
Көөрүн төксө колундагы ак эмгек,
Аялзатка кандай кантип жарашпайт.


Аппак жоолук нур жүзүнө жарашып,
Мээримичи күндүн нурун талашып.
Тоңуп турган музду дагы эритээр,
Мына ушундай Кыргыз кызга жарашык.


Аяр сүйлөп үй бүлөөдө жакшы жар,
Болгулачы кагылайын эх жаштар.
Төрөө деген өзүнчө эле бир бакыт,
Бала жытын жыттап алсаң бир балкып.


Мейли куйба чайды үйдү шыпырба,
Теңелесиң ойлоп көрчү кимге анда.
Тепселебе Европаны туурайм деп,
Кыргызымдын каада салты турганда.


Бир найныктын сөзүн сүйлөп оолукпа,
Жаштайыңан жаман күнгө жолукпа.
Ата энени жер каратпай баш тарткын,
Алтын башың амандыгын соолутпа.


Сактагыла эртеңкисин улуттун,
Жаштар бүгүн бүт кыргызды куруттуң.
Кандай айтып турсаң дагы баары бир,
Салт санаасы өзгөрүлбөйт КЫРГЫЗДЫН!


Урматым менен Кайыр Жазы. Москва.
www.kafiye.net