Мен сени суйом Өмур!!!


Мен сени сүйөт экенмин,
Өткөндөргө таарынтсаң да.
Жалгыздыкты,
Тагдырыма туш кылсаң да,
Тектүүлүгүмдү уурдатып алып,
“Чөк”-деген жерде чөксөм да…
Мен сени сүйөм Өмүр!


Буттан чалып өтсөң да,
Жылытып нурдуу жазга.
Тырышып жетемин дечүмүн,
Күрөштө калып кетсем да.
Сыртымды бүтүндөп алып,
“Сабырды”жеңип өтсөм да.
Мен сени сүйөм Өмүр!


Ыйлагандын көрүп кетсем да,
Азганды сөгүп өтсөм да.
Кредит менен күнүмдү көрүп,
Эмгек акымды берип кетсем да.
Казактын күйүтүн…
Күйүттү тартам дечуу элем,
“Жетим”-ырды терип өтсөм да,
Мен сени сүйөм Өмүр!



Бал издеп “ууңду”- ичсем да,
Байланып торуңа түшсөм да.
Тилимди үч айры кылган,
Ызы-чуу абалга түшсөм да…
Өсөм деп карызга баткан,
Өчүргөн абалга жетсем да,
Мен сени сүйөм Өмүр!


Мас абалды көрсөм да,
Жеңилген “кулду”көрсөм да.
Каныккан ач көздү көрүп,
Жаны жоктордон жерип өтсөм да.
Жылт эткен үмүткө алданып,
Көчүңдү ээрчип кетсем да.
Мен сени сүйөм Өмүр!!!


Автор Гүлақын Өтеміс.
Маметова Зуурабу Алимбековна.Санта.
www.kafiye.net