Аруу, сулуу ак куулар .


Ак куу көрдүм көлдө сүзүп ойногон,
Жубу менен эч айрылып көрбөгөн.
Көздүн жоосун алат бирдей койкойюп,
Баары окшош кантип айырат түгөйүн.


Балким мага куулар бирдей көрүнөт,
Өздөрү эми жубун тааныйт өңдөнөт.
Жарашыктуу тобу менен сүзушүп,
Сүйүү бийин көлдө сүзүп бийлешет.


Аппак куулар сулуулуктун символу,
Аппак куулар аруулуктун символу.
Айдың көлгө арбын учуп келиптир,
Аппак пейилин жергебизге билгизип.


Мейли жайла, жайлуу болсун конушуң,
Мейли көбөйт балапаның учургун.
Мага үйрөтүп кетсең гана болгону,
Аруулуктун, сулуулуктун сырларын.


05. 02. 2020.Бишкек. А.Тоту .
www.kafiye.net