*Жамгыр*
(Эски дептерден)

Айнектеги мөлтүр тамчы сырттагы,
Эске салды элестерди мурдагы.
Тыпылдатып төмөн агып кулаган,
Мөлтүр тамчы жагат жанга жаздагы.


Жашынышып жамгыр жааса баарысы,
Бекинишет жашы дагы карысы.
Кыз жигитке жетелешип бир баскан,
Жазгы жамгыр болот жүрөк даарысы.


Мезгили жок жамгыр турса көнөктөп,
Сезимдер да койбойт аны бөлөктөп.
Суу кылса да сүйүү менен жылытып,
Бакыт толгон көрүнүштү сүрөттөп.


Raibekova Aichuruk Raibekovna
www.kafiye.net