Убакыт учкан куш тура, кечээ эле ушу деңиздин жээгинде ырлар жаратып бойлоп жүргөндөймүн, бирок арадан төрт жыл өтүптүр.


МАРМАРАНЫН БОЮНДА


Дениз жээги отурамын ойго батып,
Кайкып учкан ак чардакка карек катып.
Кыялдарым түгөнбөдү сезимдеги,
Дениздин толкунундай шарпылдашып.


Учу кыйры көз жетпеген дениз үстү,
Учкум келди канат байлап алыстарга.
Кооздугуна көөдөнүм көз арткансып,
Кучагында батып турдум балкып кана.


Көп көк болуп, асман өңү жарашкандай,
Кыялдарым сезимдерге көңүл бурбай.
Кубанычым коюнума батпай турду ,
Толкундай толкуганда сүйүү ырлар..


Коштошуп, кошкун дедим тура бастым,
Келемби кайра сага, терең ойго баттым.
Жээгинде Мармаранын далай жолу,
Сонун сонун ырларды мен жараттым.


Көбүгүнө дениздин бет чайкадым,
Кылгырып кайыр кош деп, үйгө бастым.
Кол булгап калгансыды дениз мага,
Карааным узаганча менда шаштым.


Толкундарың узатышты шыбырашып,
Калтырдым Мармарага ырлар жазып.
Кучактап турдуң мени коё бербей эх,
Көгөргөн тереңиңе улам, улам тартып.


Калтырдым сага арнап ырлар жазып,
Кош дедим, кол булгалап бара жатып.


03.06.2016ж.Стамбул.Кайыр. Жолдошбекова.
wwwkafiye.net