СООДАНБЕКОВА ЛИРА / SOODANBEKOVA LİRASI

ЭНЕКЕМ


Мээримиңизге күндөй ысып эритип,
Багам деп бизди жаныңызды кейитип.
Оорусаңыз билгизбей эч бир жанга,
Чоңойттуңуз уул, кызды керилтип.


Кемитпей тамактан берип,кийинтип,
Ыймандуу бол деп акырын ийилтип.
Жүрөгүңүз сыздаганын эч билдирбей,
Эрезеге жеткирдиңиз бизди сүйүнтүп.


Кырчындай бурак кырк жашыңызда,
Жесир калып беш бала кучагыңызда.
Эстегенде ошол кездерди азыр дагы,
Сыздап алам жүрөгүм кысылганча.


Уйку көрбөй, таң атыра мал жайлап,
Уктасын балдарым деп бизди аяп.
Уйду саап, сүтүн берип алдыбызга,
Тойгуза кем кылбадыңыз бизге карап.


Ден соолуктан айрылып жашыңыздан,
Канча азап өткөрдуңуз башыңыздан.
Канаттууга кактырбай баккан балдар,
Тең өмүрүн алыптыр жашыңыздын.


ЭНЕКЕМ кечир убайга салган бизди,
Сыйлай албай убагында калсак сизди.
Ар бир балаң орун алды турмушунан,
Сый көрүңүз, жыттап небереңизди.


СООДАНБЕКОВА ЛИРА / SOODANBEKOVA LİRASI
www.kafiye.net