şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
ЖАЗ ЧАКЫРЫГЫ
Маанай сонун,жазгы абада термелем,
Көңүлүмдү куштардын үнү сермеген.
Ажайып кооз айланамда бир укмуш,
Жаз чакырып кошул бизге кел деген.
Жаз жытына магдырадым, сергидим,
Эргүү алып ырларымдан эридим.
Жаңы жайнап мандалактын гүлүндөй,
Дем, күч менен поэзияга берилдим.
Эх жазым жаркыраган назым менин,
Ээликтирип жазгы сезим бердиң.
Курчтукту талап кылып кээ күндөрү,
Мококтукту кыялыңан өчүр дедиң.
Делебеме ыр кайрыгын салып койдуң,
Көңүлгө жаз көөдөнумө салып айдың.
Учурба деп бир тутамдап сунуп жатып,
Себепкери жазда өзүң болдуң жазым.
СООДАНБЕКОВА ЛИРА / Lira Soodanbekova
www.kafiye.net
Yorum Yapın