şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
КУТМАН ТАҢ
Көркөмүң кооз аткан таң,
Миң шүгүр сага Жараткан.
Көрсүн деп көздү бергенсиң,
Керемет кандай карасаң.
Тал терек турат шуудурап,
Ак таңга кошуп ыр курап.
Кулакты бердиң уккун деп,
Кооздукту туюп толуктап.
Кармалбай колго карачы,
Агарган таңдын шооласы.
Агылып турат сезгенде,
Көөдөндөн ырлар одасы.
Куланөөк түшүп жер бети,
Кооздонот көркөм келбети.
Мээримиң төгүп суктан деп,
Жараткан чачкан берметти.
Асман да сулуу башкача,
Аппак таң сүрөт тартканда.
Булуттар чыкпай жашынып,
Балача уктап жатканда.
Муздак жел сылап бетимден,
Чыкыроон тартат кышкы таң.
Кубултуп түркүн түр менен,
Кооздугун айтып бүтө албайм.
Муз тоңуп суунун үстүнө,
Турса да сулуу бар тарап..
Мээримин төксө күн нуру,
Коштошуп кетет кутман таң!
Кайыр Жолдошбекова
Kaiyr Zholdoshbekova
www.kafiye.net
Yorum Yapın