Мына ушинтип сагынам
(Урушсаңар да мейли)


Алыстасың жакшы көрөм баарынан,
Издейм кээде ырларымдын сабынан.
Уйку, соонун ортосунда түш көрүп,
Жүрөм дайым чыкпай сенин жаныңдан.


Эркелеймин кээде кыйнап өзүңдү,
Уккум келип ,,эркем” деген сөзүңдү.
Аралашып кыял менен жан дүйнө,
Мына минтип таң да атып сөгүлдү.


Кучак толо гүлүң жыттап сагынам,
Карааныңа кайра кайра жалынам.
Берген сенин көздүү алтын шакегиң,
Жүрөгүмө сүйүү кылып тагынам.
Мүнөт сайын сүйгөн жарым сагынам.


Кайыр Жазы
Москва.
www.kafiye.net