Кайыр Жолдошбекова

Бүгүн балдарымдын сүйүктүү атасы, неберелеримдин чоң атасы, кайнатамдын баласы, Кайыр кыздын жигитинин туулган күнү!

ЖАРЫМА



Токтоо мүнөз кирпик кашы капкара,
Тоолук жигит тартпаган эч сарсанаа.
Тардыгы жок көөдөнүндө кең пейил,
Таразага тарткан таштай дапдаана.



Тунук булак ичкен суусу балалык,
Ак Муз деген айылында жаралып.
Ак эмгектин арты менен келе атат,
Аялзаттан мендей болгон жар алып.



Ата – эненин кадыр баркын баалаган,
Бир туугандык каны бекем баарынан.
Балдары үчүн күрөшкөнсүп тагдырда,
Ичкен ашын жерге коёт бул жагынан.



Кызы үчүн мээрим төгүп жалынат,
Ич дүйнөсү айттырбастан сагынат.
Неберенин жытын жыттап эркелетип,.
Күлкүлөрүн күмүш кылып тагынат.



Дос тамырын таарынтуудан тартынат,
Дүйнө жыйноо эч бир койбойт пландап.
Душмандары бычак сайса артынан,
Сабыр деген мүнөз менен кутулат.



Кээде туруп бышып кетем бакырып,
Жан дүйнөсүн ала салып сапырып.
Колум кармап чекем сылап өөп коет,
Кайыржаным басылчы деп каткырып.



Түбөлүккө кел сыйлашып өтөлү,
Бул да болсо Жараткандын өктөмү.
Үй бүлөөмдүн башы болуп жүрө бер,
Жаштыгымдын жаз күнүндөй көктөмү.


Кайыр Жолдошбекова
www.kafiye.net