Кайыр Жолдошбекова /Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna

ТИЛЕГЕНИМ КУДАЙДАН.


Кутман таңда ыйман тилеп Кудайдан,
Күбүрөнөм ар бир кылган амалдан .
Кучагыңды жайчы тынчтык дооруна,
Күндө барам , Жараткандын жолуна.


Кутман таңда балдарыма тилеймин,
Көрбөсүн дейм жаман жолдун эшигин.
Кубат берип аман эсен ,жүрсө дейм,
Ыйык тутуп мусульмандын кешигин.


Кутман таңда шүгүр кылам Кудайга,
Көзүм көрүп,кулак угуп турганда.
Канчалаган адамзаты көрө албай,
Керең болуп укпай жүрөт ааламда.


Кутман таңда ыраазымын деп айтам,
Бир тууганым келчи үйгө деп кайтам.
Тирүүлүктө сыйлабасаң бир боорду,
Өлүгүндө , келип ыйлап эх,кыйналба.


Өтөт кетет,өмүр ушул жалганда,
Досту күттүм ал колумда барында.
Ооруп туруп башым жерге салганда,
Дос айланды,душман деген адамга.


Дүйнөм түгөл ,жанчылбадым тагдырга ,
Ыйман менен ызаат тилейм баарыңа.
Ырыс кешик төрүңөрдөн түшпөсүн,
Шүгүр айтып, жалынамын Кудайга.
Бүгүн Жума ибаадатты кылгыла.!!


Жума намазыңар кабыл болсун!


13.04.2018ж. Кайыр. Жолдошбековна.

Кайыр Жолдошбекова /Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna
www.kafiye.net