Кайыр Жолдошбекова /Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna

Жашоо барактары…


Эшикте суук кыштын аяз түндөрү,
Элесиңди эстеп эркең жүдөдү.
Мезгил өтүп учса дагы убакыт,
Күтүүлөрдүн, үзүлбөдү үмүттөрү.


Тээ алыс калса дагы жаш чагым,
Көз алдыма келет дале басканың.
Өмүрдүн кайталангыс көз ирмемин,
Сендеги сезимдерден тапканмын.


Тагдырдын жалгыз аяк жолун улап,
Келемин махабаттан мунар курап.
Жыйнасам да чогултуп бар күчүмдү,
Алсызмын көзү жок болуп булак.

Кайыр Жазы. Москва.

Кайыр Жолдошбекова /Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna

www.kafiye.net