Жүрөктүн үшүн алган жаңырган жылдагы окуяларды көрүп, кордолгон аязатын коргоп калчу эркектерибиз ошол эле аялзатты өрттөп, сабап ,өлтүрүп атканы албетте өкүндүрбөй койбойт.

Калем кармап жазгым да келбеди жүрөгүм өзү эле оорулуу байкуш эле, огош бетер ыйлап сыздап кетип атат социалдык сеттерди ачкан сайын…….

сеттерди ачкан сайын.

Жүрөгүм үшүп турат үшкүрүнүп,
Жан берген аялзатын көргөнүмдө.
Эркектер эркек болбой зөөкүр болуп,
Элиме азап салып жүргөнүндө.


Аял эне, эркекти да кызды да төрөгөн,
Ак бешикке алдей ырдап бөлөгөн.
Акмак болуп кайдан чыккан бул айбан,
Асылзаада өз жарын өзү, өрттөгөн.


Аял эже – карындашың бир тууганың,
Ай мончоктой кызың ал билип алгын.
Ай балтаңды көтөрө чаап өлтүргөн,
Айыбыңды берсин сага Жаратканым.


Аял жарың жаркырап тийген күндөй
Аярласаң ачылат бүрдөп гүлдөй.
Ачуу менен чечилбейт эч бир ишиң,
Акырында баш мыкчыйсың өкүнгөндөй.


Аялзаты жаралган кабыргаңан,
Ким бар дейсиң эч бир жаңылбаган.
Тепки менен өлтүрүп пайда барбы,
Убалы кимге балдардын жетим калган.



Арданасың кээ бир кезде эшек десек,
Айырмаңбы болгону, чычкан тезек.
Алың келген аялзатты кордойсуң,
А эркектик эрөөлдө мышык дешет.


Ааламдын сулуулугун аял сактайт,
Айда да үркөр болуп ырын ырдайт.
Караңгыда жол көрсөткөн аялзаты,
Сыйласаң, ар дайым сени сыйлайт


Эх акмак эркектик антты бузган….
кылыгыңдан жүрөк сыздайт……….


Кайыр Жазы.
11.01.2020ж.

www.kafiye.net