ЭШИКТЕ КЫШ


Эшикте кыш а жүрөктө жаз айы,
Эрип муздар, жылуулугу майдагы.
Эрте чыккан байчекей гүлгө окшоп,
Жан дүйнөмө бүлүк салып жайдары.


Эшикте кыш, келсе дагы аяз кыз,
Аруулугум жүрөгүңдө саймалуу.
Ажарыма жылт эткен карлардын,
Аёосу жок сезимдериң байлануу.


Чыкыроондоп турса дагы кыш айы,
Чертилгендей серенада ырлары.
Чопо чоордун үнүн салып сыбызгып,
Чыйрыктырбайт, ак сүйүүнүн ыргагы.


Кайыр Жазы. Москва.
www.kafiye.net