Балалыктын бал даамы


Айлана кооз аппак карга оролуп,
Балалыкты эске салам ойлонуп.
Ушул көчө окшоп кетет көчөмө,
Улутунам, алысмын деп толгонуп.


Эрке элем ойдогумду жасаган,
Чоң энеме таянып мен жашаган.
Аттиң, аттиң кошо кетти сен менен,
Балалыгым балдай даамы татыган.


Муздар тоңуп сай үстүндө калыңдап,
Балдар менен ойночу элем чурулдап.
Үшүсөм да тоготпостон жүрчү элем,
Ачса дагы курсак байкуш курулдап.


Кардан жасап, карап аяз атаны ,
Билбечүмүн кайгы менен капаны.
Унута албайм, али эмгиче эсимде,
Чоң энемдин жыттуу баркыт чапаны.


Кубалашып чана тээп күрөшүп,
Ар бирибиз катар менен сүйрөшүп.
Кана эми кайрылып бир келсечи,
Балалыгым ырым менен үндөшүп.


Кайыр Жазы. Москва.
www.kafiye.net