САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN




Айыл жашоосу өзгөчө. Шаардагы ызы- чуу жок, мемиреген тынчтыкта жай турмуш өтүп жатат. Айыл ичин жашыл бак- дарактар кооздоп, көзгө ажайып сонун көрүнөт. Үйлөрдүн аралыктары да жакын эмес. Ар бир үйдүн аралыгы кашаалар менен тосулганы эле болбосо, дээрлик бардык  үйлөрдүн короолору даана көрүнүп турат. Жолдон өтүп бараткан ким болбосун, эшик алдында жүргөн  жашоочуну көрө алат.

   Алымбекке да кайнатасынын үйүндө жүрүп жаткан тиричилигинин баары көрүнүп жатты. Алымбекке  алардын тиричилиги кызык эмес. Максаты Айшанын үйдө экендигин билүү. Бирок, көздөп келген адамы эч көрүнбөдү. Айшанын үйдө экендигин биле албай, айлалары кетти. “Булар эмне турушат” дегенсип, машинаны айланчыктап ойноп калган чыт курсак балдардын бирөөсүн кармашты. Колуна тыйын беришип,  үйүнө барып “Айшаны чакырып жатат” деген сөздү айткын деп жөнөтүштү.

   Кичинекей бала эмнени түшүнсүн. Зуулдап чуркап, барганынан келгени тез болду. “Атасы чыкпайт деп айтты” деген жообун айтып, топтошуп ойноп жүргөн балдарга чуркап кетти. “Демек, Айша үйдө! Эми аны кантип чакырабыз?”. Күн болсо кечтеп баратты. Ойноп жүргөн балдар да үйлөрүнө кетет. Бул балдардан башка жумшаар адам да жок… А өзү чакыра албайт.

   Ары- бери өткөн айыл тургундарынын баарына, машинада отурган жигиттер кызык болуп жатты. “Булар кимди күтүп жатышат?” деген суроо көздөрүнөн көрүнүп, аңкая карап өткөндөрү да болду. Жарым күндүн ичинде, жигиттердин кимге келгенин, бүт айыл билгени калды. Алымбектин башка аргасы жок. “Элдин баары билмектен билсин. Балким, “элге уят” деп, Айшаны жөнөтүп калабы”,-деген ойлорду ойлоп, үмүттөнүп да алды. Бир ою:”Айша эми чыгып болуптур” дейт… “Балким, атасы менен сүйлөшсөмбү? Үйүнө кирип барсамбы? Кайсы ата кызынын турмушу бузулушун каалайт? Кайра издеп келгениме сүйүнсө керек”… Алымбектин ойлору чаржайыт болду.

   Талаада оттогон малдар да келди. Күн кечтеп, караңгы кирип баратты. Кеч кирген сайын, Алымбектин жүрөгү дүкө- дүк. Айша менен бир жолукпай, кантип кетет? Бул жерде түнгө калса да болбойт… Эмне кылуу керек?  Ойлоп келген максаты ишке ашпады. Ууга чыгып, жолу болбой калган мергендей кайтууга туура келди.

   Алымбектин эле эмес, Абылдын да маанайы нөлгө түштү. Кечээ шерденип, “кандай болсо да жолугуп алып кетебиз” деп, арстандай айбаттуу болуп турган жигиттер, бүгүн сууга түшкөн мышыктай болуп калышты. Достору менен кеңешип, өздөрүнүн айылына кетишмек болду. Бирок, Алымбек атасынын үйүнө барбайт. Алар эч нерсе уга элек эмеспи. Алар үчүн Алымбек шаарда,   Айша менен өздөрүнчө жашап жатат…

   Эртеси күнү да Айшанын айылына барышат. Ошондуктан Алымбек, машина айдаган досу Медердин үйүндө түнөп калмак болду. Эртеңки күнү жолго чыкканга да жеңил, бири-бирин издеп, күтпөйт. Шаарга барганда эмне кылмак… Айша жок, ээн үй. Азыр шаарга барууга ыпымдай себеп жок. Бир туюмунда, дале Айшадан үмүтүн үзбөй жатты. Ошондон да ойлору шамалдай туруксуз болуп, үмүттүү ойлорго жетеленди…”А балким, Айша үйгө барып калсачы? Жок, мүмкүн эмес го. Чыт курсак бала эмне деп келди? Аны унута түшүпмүн да, эх. Ушул күн да бар беле башымда. Эмнеге!? Эмнеге мындай болду? Айша,  менден эмнеге кеттиң?! Менсиз бактылуу болосуңбу?! Мен сени бактылуу кылууга күчүм жетмек эле го!? Айша, сени менен жашаган күндөрүм, жомок сыяктуу эле өтүп кетти. Түш көргөндөй эле болдум. Сен, Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк, а мен сени кууган мерген болдумбу? Мен сенин жашооңдогу терс каарманың болуп калдымбы? Өкүнүчтүү, өтө өкүнүчтүү, Айша. Сага деген сезимим тоонун мөлтүр суусундай таза, тунук, кирсиз эле. Аттиң! Сен сезбедиң! Кири жок сүйүүмдү сезбедиң, көрбөдүң. Көзүңө жан алгыч, мокочо болуп көрүндүм. Мен сага жакпадым. Бирок, сага татыктуу болууга бардык аракетимди жасадым. Бирок, аракетим ишке ашпады. Сени сүйдүрүп алам деген, мен акмакмын! “Жүрөгүмдүн айтканын аткарам” деген сөзүңдө чоң сыр жаткан тура. Ырас, жүрөккө буйрук берип болобу? Сен туура кылдың, балким…  Чындыкты айтсаң да туура кабыл албаган, сенин алдыңда чоң күнөөм бар. Мен күнөөлүүмүн баарына”…

    Күндүзү күн бүркөк тартып турган. Кечирээк шамал катуулады. Алымбектин да ички дүйнөсү шамалдай буюгуп, кайда сапырылып учаарын билбей жатты. Ызалыгы, ич күйдүсүнүн баары дилинде, көмөкөйүнө толуп турду. Бүркөк асман да түнөрүп, а шамал кара булуттун  жамгырын төктүрө койбой учуруп жатты…

   Сыртынан эч байкатпай сүйлөп жатканы менен, Алымбектин жан-дүйнөсү ыйлап жатты. Абыл менен Медерге жан- дүйнөсүндө жүрүп жаткан ыйын кантип айта алат? Ички дүйнөсүн өзүнөн башка ким түшүнөт? Алымбектин бул абалын өзүнөн башка эч ким түшүнө албайт эле…

   Айлана караңгылап түн жамынса, Алымбектин жарык үмүтү караңгылыкка кептелип турду. Эртеңи эмне болоору белгисиз эмеспи.

                                      *

   Эрте менен Абыл сабагына кетти. Айшанын айылына Алымбек, Медер менен келмек болду. Жанында караан, эш болгон досу болбосо, Алымбек жалгыз кантип кайын журттун айылына бара алат?

   Күн түштөн ооп калганда, Медердин унаасы менен Айшанын айылына келишти. Эми кандай жол менен Айшаны алып чыгуу керек? Ушул суроонун жообун таппай, эки көздөрү төрт болуп, Айшанын үйүн акмалап отуруп калышты. Кандай кылсак болот?

   Эки күндөн бери бул жигиттердин айылды айланып жүрүшү, айыл ичинде күбүр- шыбыр жаратпай койбоду. Кечээ таң калып карап өтүп жатышкан болсо, бүгүн “кимди күтүп турасыңар?”деп сурагандар боло баштады. Жашырышып, болбогон шылтоолорду айтышса да, айыл элинин “узун кулактары” бар. Айылда жаңы жаңылыктар, шамалдан да бат учуп үй- үйлөргө жетет.

   “Айыл эли да билип бүтмөй болду. Эртелетели”,- деп кеңешкен достор, кечээги чыт курсак баланы чакырышты. Кечээги эле тапшырма менен, Айшанын үйүнө чаптырышты. Бул жолу баланын жообу кечээгидей болбоду. “Айша эжени үйдө жок деди!”- деген жообун айтып, ойноп жаткан балдарга чуркады.

   “Алып кетмейин кетпейм” деп төшүн кагып жаткан Алымбек, кечээги шерденип айтып жаткан сөздөрүнүн өтөөсүнө чыгаарына ишене албай турду. “Атасынан сурайм, бутуна чөгөлөйм” деген сөзүн иш жүзүндө аткаруу, өтө оор экендигин билди.

   Айшанын атасын, кечээ кечирээк талаадагы жумушунан келгенин байкашкан эле. А Айшанын өзүнү көрө алышкан эмес. Же байкабай калышты бекен. Башка үй- бүлө мүчөлөрүнүн анда-санда  кирип- чыгып жаткандарын да көрүшкөн. Бир гана Айша көрүнбөй жатты.

   “Узун кулактар” жеткиргенби, же өзү байкап калганбы, Айшанын атасы бүгүн короосунда чарбачылык жумуштарын жасап жүрдү. Эс алганы отуруп, Алымбектер тарапка көз салып коет. Алымбектер да, бул кишинин баарын байкап жатканын сезишти.

   Айшанын атасы үйүндө болушу, Алымбекти сестентти. Үйүнө кирип барууга даабады. Кантсе да, кайнатанын сүрү болот да. Же мурун- кийин көргөн адамы болбосо…

   Дагы бир жолу чабарман жөнөтмөк болушту. Эми чыт курсак баланы эмес, өспүрүм курактагы баладан суранып, Айшанын үйүнө жөнөтүштү. Өспүрүм баланын айтып келген жообу:” Атасы силерди кетип калсын деди”,- деп кетти. Кетип калсын десе эле, Алымбек кетип калабы. “Атасы менен өзүм сүйлөшөм” деп көшөрдү. Бирок кантип аткарат, аны өзү да билбейт турду.

   Короодо жумуш жасап жүргөн Айшанын атасы, бир убакта жигиттер тарапка басып келе жатты. Алымбектин да, Медердин да өңү бозорду. “Эмне болот эми?” дешкенсип, бири- бирин коркуп карап калышты. Алымбек чочуй сүйлөдү:

– Эмне кылабыз, Медер? Өзүм бара бербепмин, аа? Биздин келишибизди күтүп- күтүп, өзүм сүйлөшөйүн деп келе жатат го…

– Кечээ эле ишти бүтүрсөң болмок.

Медер, салт деген бар. Салтты кармабасам, кайнатаны сыйлабаган болуп калат деп…

– Ой! Алымбек, кайнатаң башка көчөгө бурулду.

    Чын эле, кайнатасы башка көчөгө бурулганын, Алымбек да көрдү:

– Биз тарапты карап басып келе жаткан. Эмне болду экен, э? Же, ал киши да бизден тартындыбы?

– Мүмкүн… Мүмкүн башка иштер боюнча жүрөт.

– Биз менен сүйлөшкүсү келди. Элден тартынды  го.

– Ошондой го.

–  Ия, Медер. Келе жатканында сүйлөшөйүн, э? Эркекче сүйлөшөлү деп..

Ошент, анда. Убакыт кетип жатат, Алымбек. Эртелетели дебедикпи.

– Ооба, ооба…

   Басып бара жаткан кайнатасынын артынан карап, Алымбек эмне кылаарын билбей ойлонуп отуруп калды.

   Күздүн күнү кыска. Кеч да кирди. Көпкө чейин Айшанын атасын күтүп отурушту. Кайтып келе жатканда, Алымбек кайнатасы менен ачык сүйлөшүп алмак болуп күттү. Убакыт кеч болуп баратса да, ал адам кечигип жатты.

– Медер, мага бир ой келип жатат. Кайнатам баары бир ушул жол менен өтөт дечи. Келип калса кантип сүйлөшөм деп коркконсуп турам. Жанына барып коркпой сүйлөшүм керек да, туурабы? Ошон үчүн, кичине “ак суудан” бастырып албасак болбойт го дейм. Антпесем, сүйлөй албай калсам керек...

– Мен да ошону ойлоп жаткам. Эми мен көп ичпейин. Кантсе да, сенин жаныңда эш, кубаттоочуң болуп турам да. Анын үстүнө, мас болсом, жолдо кандай болуп калат…

– Чоң жол менен кетпейбиз, Медер. Айыл аралаган жол менен кетебиз. Ичсең эч ким токтотпойт, көрбөйт да.

– Ал жагы да бар.

– Кеттик, анда. Алып келе коёлу.

  Көздөгөн жерине бат эле барып келишти. Унаанын ичинде иче башташты. Буга чейин убакыттын өтүшү кыйындай сезилип жаткан.  А азыр убакыттын өтүшү байкалбай калгандай.

   Караңгы кирип баратты. Айшанын атасы бул жолдон өтпөдү.  Медер да олбурлуу жигит, ичимдикке өзүн бат алдыра койбоду.  Азыраак ичип, оюнда аман- эсен үйгө кайтуу.

– Алымбек, кеч болуп калды. Билесиңби, бүгүн сенин акыркы күнүң. Менин да башка жумуштарым бар. Сени менен жүрө берүүгө менде убакыт жок.

    Медер кызуулукка салып, сөздүн ачыгын айтып алды.

– Макул, досум. Азыр атасын  күтөлү. Болбосо, азыр үйүнө киремин. Же бар болом, же жок болом.

– Э Алымбек, сөздү айттыңбы, аткарыш керек. Эркек деген сөзүндө турат. Кирсең кир, болбосо кетели. Кайнатаң деле башка жол менен кирип кеткенби, келбес болду. Мен да тириглик кылайын.

– Макул, досум. Макул…

   Ыргылжың боло, Алымбек унаадан түштү. Унаанын ичинде байкабаган экен, эки бети чоктой ысып албырып, а денесин жагымдуу жылуулук аралап калыптыр. Кечээтен берки кыжаалатчылыгын шамал учуруп кеткендей. Анын ордуна көңүлү көтөрүлүп, “баары жакшы болот” деп, өзүнө- өзү дем берип сүйлөп да койду.

   Билинээр- билинбес жамгыр себелеп жатты. Бир аз теңселе басып, Алымбек Айшанын үйүнө жакыныраак басып келди. “Айшага жолукмайын кетпейм. Жок дегенде бир ооз сөзүмдү укса. Балким, ойлогон ниетинен кайтып, бирге жашоого макул болуп калса. Оо, анда мен дүйнөдөгү эң бактылуу жигит болмокмун да, эх!”.

   Масыраак болуп турса да акылы иштеп, караңгыраак жерге турду. Үлбүрөгөн электр жарыгы жарык берип турган короону, алыстан акмалап карады. Көңүлүндө үмүт бар.

   Канча турду билбейт. Көп ойлорду ойлоду. Жарым кылым убакыт тургандай болду. “Ушунча да күттүрөбү, Айша. Азыр мен аны чакырам. Маселени чечиш керек! Убакыт кетип жатат. Ата- энеме жооп бериш керек! Баарынан да, мен аны сүйөм!”. Күтүүсүздөн:

– Айша! Айша- а! Мен келдим сага! Мага чыгып койчу, жаным!- деп кыйкырды.

   Көзүнө караңгы айлана толук көрүнбөй, бирде кыйшак, бирде түз, бирде жарык, бирде караңгы болуп,  тунарып көрүнүп жатты.

   Алымбектин кыйкырыгын уккан Медер да жанына келди.

– Алымбек, досум. Кыйкырбай, үйүнө эле кирип барбайсыңбы түз эле.

– Мен силерге айткам! Үйүнө кирип барсам, салтка туура келбейт.

– Кыскасы, салтка туура келбейт дегин?

– Ооба да. Сыйлайм… Хе- хе!

Ха- ха! Давай башта, Айшаны чогуу чакыралы. Батыраак чыгат.


Кененирээк …   /  Devamı var       



 Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net