САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN


  Бир үзүм булут көрүнбөй, асман ачык. Күн нуру алыскы тоолордон жылуу нурун чачып, энедей мээримин төгө баш бакты. Ачык асман, мээримдүү,  жылуу күн- бири- бирине айкалышат. Ушундай сонун, жагымдуу убакыт- адам көңүлүн бийик тоолорго жеткендей даражада көтөрөт. Ырдап, бийлегиңди келтирет.

   Алымбек менен Нускайымдын бүгүнкү таңы, дал ушундай жагымдуу, көңүлдүү, ачык маанайда атты. Ачык маанайга, бүгүнкү ачык  күн да шайкеш келди.

   Таңкы наардан соң, Алымбек кайра эле уктоочу бөлмөгө кирди. Эмнегедир, үй тиричилигиндеги жумуштарды жасоого эч көңүлү чаппай турду. Сыртынан эч кимге билдирбесе да, ички сезими эмненидир күсөп, а өзү аны билбей жаткандай… Көңүлү ошол көксөөсүн издеди. Көңүлүн ээлегени – дүрбөлөң сыяктуу, тынчсыздануу бар. Ал эмне? Билбейт… Баары жакшы болуп баратат. Жумушу жакшы, аялы да жакшы… Эх… Аргасы калбагандай, күн нуру жаркырап тийип турган терезенин түбүнө отура кетти. Төшөккө жөлөнгөн колдоруна, сүрөт тарткан кечээги альбому урунду. Колуна алып, альбомду ачып барактай баштады. Көп сүрөттөрүнүн ичинен, жаңы тартып баштаган кыздын сүрөтүнө токтоду. Көпкө карады. Калемин алып, толуктап чиймелеп баштады.

   Үй жыйнап баштаган Нускайым, чаң аарчуу үчүн бөлмөгө кирди. Сүрөттү тиктеп ойлонуп, чиймелеп отурган Алымбектин жанына келди. Сүрөткө көз жүгүртүп:

– Алымбек, сен билесиңби? Дайыма эле бир кыздын сүрөтүн тарта бересиң. Эмнеге?

– Ошондойбу? Окшошпу баары?

   Алымбек кыздардын сүрөттөрүн салыштыра баштады.

Ооба, баары бир кыз. Азыраак гана айырмасы болбосо, ошол жүз, ошол көз караш… Анан да… Алымбек, сен дайыма “аны” эстейсиң. Ушул убакка чейин унута элексиң. Кайсы бир көз карашы, элеси, же сапатыбы, билбейм, сенин эсиңден чыкпай калган. Сен ошону издейсиң. Ошол күндү кайталагың келет, балким. Балким, ошол мүнөттөр көңүлүңдөн кетпей калган. Мунун баары, сен аны катуу жакшы көргөнүңдөн болсо керек… Көңүлүңдө сен аны издейсиң… Ошол издегениңди сүрөтүңдөн тапкың келет. Бирок,  так өзүнү таппай жүрөсүң.

– Сенин сөздөрүңдө чындык бардай, Нускайым…

– Мен сени билем, Алымбек. Сени көптөн бери байкап жүрөм. Айтууга оозум барбай жүргөн. Бүгүн чыдабай айтып жибердим…  Менин айткандарымды дагы ойлонуп көр. Жообун табасың…

   Нускайым ордунан туруп, эмеректердин, текче- терезелердин чаңын аарчып чыгып кетти. Бөлмөдө Алымбек жалгыз калды. Сүрөт тартуусун улантты. Аялынын оюн туура да көрдү. “Мугалим да, менин ойлорумду айттырбай билгенин кара” деп таңданып да алды. Нускайым айткандай, чындыгында, Алымбек “аны”, биринчи сүйүүсү Айшаны көп эстей берет… Азыр да ойлору тээ арткы мезгилдерге алып учту.

                                            *

   Октябрь айы. Айдын башталганына саналуу гана күндөр болгон. Күндүн табы азыраак гана салкындай баштаганы болбосо, аба- ырайы жылуу. Бирок, узактыгы кыскарып баратат. Күн уясына эрте отуруп, эрте кеч кирип калган.

   Сыртта күүгүм кирип калса да, Айша кечиккенден кечикти. Алымбек тынчсызданып, бир орунда отура албай калды. “Айшага эмне болду? Мынчалык узак убакытка кечикчү эмес… Же окуусунда бирдеме өткөрүп калышты бекен? Эчтеке айтпады эле…  Же бирөөгө жолугуп калдыбы? Же”…

   Алымбектин ойлоруна не деген гана ойлор келбеди. Бир да оюн жаманга бурбады. Андай ойду ойлогусу да келген жок. Коркуп калбасын деп, жолун утурлап чыкты. Караңгы кирсе да,  шаар – электр жарыгы менен күндүзгүдөй жарык. Ары-бери баскан адам сээлдей элек. Аялдаманын жанына келген Алымбек, аялын бир орундан жылбай, отуз мүнөттөй күттү. Эч бир автобусдан  Айша түшпөдү. Чыдамы жетпей баратты. Айшанын окуу жайынын алыстыгы, жети- сегиз аялдамадай бар. Жөө барууга болбойт. Айша да жөө келбейт.  “Балким, эми чыгып жатпасын, алдына барайын”  деген ойдо, автобуска чыкты.

   Көздөгөн жерине да келди. Айшанын караанын издеди. Айшанын карааны эмес, окуу жайда эч ким калбаптыр. Тымтырсттык. Кароолчудан “студенттер  калбаган” деген жоопту укканда, оор сокку жегендей, бүт денеси “солк” этип алды. Айшанын кетип калганына ишенбей турду. Көңүлүнө жаман ой кетиргиси келбеди. “Мүмкүн чыгып калабы” деп үмүтүн үзбөй, короосунда айланып басты. Бирок, кароолчудан башка эч кимди деле көрө албады. Үзүлбөгөн үмүтү, ындыны өчтү. Алсыз үшкүрүп, артка кайтты.

   Бөлмө муздак, ээн калгандай көрүндү. Шалдайып, төшөктүн четинде бир топко отурду. Мына, мына… Айша эшиктен кирип келчүдөй туюлуп, улам-улам эшик тарапты үмүттүү карап коёт. Тилекке каршы, эшик ачылбады. Таңдын атышын күткөндөн башка, Алымбекте арга калбады.

   Эрте менен окуу жайга барган Алымбек, элеңдеп Айшаны издеп турду. Кенен залда студент аябай көп. Издеген адамын эч көрө албады. Аргасы кетип, сураштырып Абылды тапты. Жагдайды түшүндүрдү. Абыл дароо эле Айшанын тайпасына барып, билип келди.

– Алымбек, Айша бүгүн сабакка келбептир. Кечээ куратору менен сүйлөшүп кеткен дешти. Үйүнө эле кеткен го, айылга.  Эмне болдуңар эле өзү?

– Эх! Абыл, биздин көйгөйдү мен сага айтканмын. Жашообуз дале ошол, өзгөрүү жок. Талаш- тартышсыз “маселебиз” чечилбейт. Кыскасы, Абыл, Айшанын менде көңүлү жок. Мен аны такыр өзүмө көндүрө албай койдум.

– Түшүнүктүү. Мунун баары алып качуунун кесепети, Алымбек.

– Ооба, дечи. Бирок, мен Айшаны эч качан коё бербейм, Абыл. Мен бул сөзүмдү Айшанын өзүнө да дайым айтамын.

– Аның жакшы. Эми эмне кылайын дейсиң?

Абыл, мага жардамың керек. Айшаны тез күндө алып келишим керек. Кетип калганын ата- энем билбейт. Алар билбей калсын.

– Эмне кылайын мен?

Машина табалы. Үйүнө баралы, алып келели.

– Көнөбү аның?

– Эмне кылсам да алып келем. Ата- энесинен сурайм, жалынам. Керек болсо чөгөлөйм. Атасына баарын түшүндүрөм. Мен ансыз кантип жашайм. Ата- энемдин жүзү жер карабасын, элдин алдында… Жардам бер, Абыл?

– Мен сабактан чыгайын. Анан ойлонолу.

– Макул.

   Айшанын айылына кантип баруу жөнүндө, эки дос жакшылап акылдашып, кеңешишти. Машинасы бар башка досуна барышып, аны да көндүрүп, Айшанын айылына келишти. Келээрин келип, машина менен обочороок токтошту. Эми эмне кылышат? Айшаны кантип чакырса болот? Өз аялынын үйүнө кирип бара албай, Алымбек көчөдөн акмалап отурат. Кире албаганынын себеби, кайнатасынын босогосун аттап, “отко” кире элек. Ага чейин күйөө бала кайнатасынын үйүнө кире албайт эмеспи. Ошол салтты сактап, Алымбек аялынын караанын “көрүнөөр бекен” деп, алыстан аңдып отурат.


Кененирээк …   /  Devamı var       



 Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net