ДЕҢИЗ ЖЭЭГИ


Деңиз жээги алыстамын, миң күнчөлүк чакырым,
Дагы эле, сындай берди, табышмактуу тагдырым.
Дубай салам, айтып турам, толкундардын күүсүнөн,
Дем алсам да, жүрөгүмдүн, төрүндөсүң алтыным.


Жетпес чыгаар, мен сүйгөндөй, эч бир жандын сезими,
Жан дүйнөмдөн, кечип кеткен, махабаттын кечими.
Чалкып жаткан Ысык Көлдү, теңдей албайм деңизге,
Мына ушундай, чыгат тура, сүйгөн жүрөк чечими.


Кең ааламга, махабаттын, отун жагып жалындуу,
Кыйын кандай, куса болуп, сүйгөн жарын сагынуу.
Эч ким сүйбөс жүрөгүмө, эч жалтанбай ээ болдуң,
Эмнегедир ойлорумда, ойноп турду, бүгүн сага тарынуу.


Жээкте жүрдүм, кумга тартып, жүрөгүңдүн эскизин,
Жылуу жел да , сезген өңдүү, сылап өттү кечкисин.
Мемиреген деңиз дагы, тынч албастан толгонот,,,
Жалгыз келбей чогуу кел” деп шыбырап ай эмкисин.


Кайыр Жазы.
www.kafiye.net