şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Жашоо барагы…
Эх мезгил, өктөмсүң го байкалбаган,
Бүгүнкүнүн эртеңин да кайталаган.
Эси жоктун кетирип алапайын,
Эскилердин изин издеп таба албаган.
Эх мезгил, күчтүүсүн алып баарын,
Өңдүүнүн өңүн дагы карытаарсың.
Өрттөнүп ичтен сызып кала берет,
Өкүнүп жаш курактын санап санын.
Эх мезгил, жалынтып жалбартасың,
Жарга такап жаш күндө алдантасың.
Жолугуп Өмүрдүн кеч күзүнө,
Кусалык…жалбырактай саргайтасың.
Эх мезгил , күндөн күнгө картайтасың.
Кайыр Жазы.
www.kafiye.net
Yorum Yapın