САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 6


Айшанын унчукпаган абалынан, Алымбек “унчукпай калды. Азыр турат” деген ойго келди. Артынан кучактап, бетинен өөп, колунан кармап отургучтан тургузууга шашты.

– Жүрчү… Сенсиз кантип уктап жатам.

– Тийбечи, мага! Тийбечи! Жайыма койчу!

   Айша өктөм үнү менен катуу сүйлөдү. Бул Алымбек үчүн күтүүсүз болду. Маңдайына таш менен чапкандай эле болду. Айшанын сол чыканагынан кармап, тургузууга аракеттенип жаткан. Айша ошол сол чыканагын булкуй тартып, ачуу толгон көздөрү менен Алымбекти тиктеди. Демейдеги ойлуу, суз тарткан көздөрдөн, азыр заар чачырап турду. Айнектей тунук, койгулт күрөң көздөр… Алымбектин көздөрү, Айшанын көздөрүнө жыланга  арбалгандай кадалды. От чачкан заар көз карашынан, бир нече секунд өзүн жоготуп жиберди.

   Күрөң көздөрдө чагылган чартылдап, анын ичиндеги от, айнегин жарып чыга албай алоолонду. Бирок, ошол эле учурда  каректеги муздак көз караш, ошол алоонун отун басаңдатып жаткандай көрүнөт. Каректин ичиндеги ачуу көз караш сырткы айнегине чагылып,  вулкандай жарылгысы  келип турду… Алымбек селт этти. Бул көздөрдөн коркуп да алды. Эркектик намысы ойгонуп кетти. “Мен ким болом, өз аялыма сөзүм өтпөсө. Күчүм жетпесе! Менин тилимди алыш керек!  Алдырам!”- деген ойлор,  мээсинде аткан октой ылдамдыкта жүгүрдү. Заматта:

– Менин айтканыма эмнеге көрбөйсүң!? Көнүшүң керек! – деп Айшанын колун булкуп жиберди.

– Жок дедимби, жок!

   Айша да айтканынан кайтпады. Күч менен Алымбектин колунан бошонуп, дубалга жөлөндү:

– Кет дейм! Сени көрөйүн деген көзүм жок! Тажаттың мени!

   Алымбек Айшанын бир колун коё бербей турган. Катуу күч менен, Айшаны өзүнө имере тартты.

– Жок! Эми коё бербейм! Сен менин айтканымды кылышың керек! Себеби, сен менин аялымсың! Уктуңбу, уктуңбу дейм!?

   Алымбек белгилүү сызыктан чыкты. Мындай учурда, туура сызыктан чыкпай коюу мүмкүн эмес эле.

   Айша кандай үлгүрдү, Алымбек билбей калды. Күтүүсүз жерден, Айшанын колунда бычак пайда болду. Сары түстөгү, айнек саптуу, атасы сатып берген бычак… Айнектин ичинде,  түркүн түстүү гүлдөрү бар бычакты, Айша өзүнө такады:

Дагы мага жологун! Ушул бычакты өзүмө сайып алам.

   Айшанын көзүндөгү муздактык – карга, музга айланды. Заар да, каар да көрүнгөн муздак көз караштан, Алымбектин денеси “дирт” этип, катуу ичиркенип кетти. “Бул көздөр кандай гана муздак! Айша, сен муздаксың! Сен эрибеген музсуң!”- деген сөздөрдү, Алымбек көздөрү менен Айшага айтып жатып, ансайын катуу үшүп кетти. Муздак, жансыз көз караштан коркту.  Кармап турган колдорун бошотуп баратып, эсине келе түштү.  Айшанын колундагы бычакты ала коюп, артында турган идиш койчу текчеге карай ыргытты. Жеңил үшкүрүп, жеңилдене түштү. Коргоочу калканынан, Айша ажырады. Дале көздөрүнөн заар өчпөй, артка жыла басты.

– Тийбе мага, тийбе! Мен сени жек көрөм, уктуңбу?!- деген Айша, дааратканага жете кирип, эшикти жаап калганга үлгүрдү.

– Айша, эшикти ач!

   Алымбек эшикти такылдатты. Жок, Айшадан эч кандай жооп болбоду. Бөлмөлөр тымтырс…

   Эмне кылам? Алымбектин аргасы кетти. Даараткананын жанында, бир топко отурду. Чычкан аңдыган мышыктай отура бергенден да тажады. Оозгу эшикти ачкыч менен ичинен жаап, ачкычты жанына алды. “Жата турайын. Чарчаса өзү чыгаар. Таң аткыча отура бермек беле” деп ойлоп, төшөктүн четине кыңкая жата кетти.

   Көзү илинип кетиптир. “Тырык” деген дабыш уккандай болду. Ордунан туруп эле Айшаны ойлоп,  ашкана тарапка келди. Айша отургучка отуруп, башын столго жөлөп уйкусурап отурат. Алымбек эмне дээрин билбеди. “Сүйлөсөм дагы ачуусу келбесин” деп ойлоду. Алымбектин карап турганын, Айша да туюмунда сезди белем, башын көтөрүп Алымбекти карады. Экөө үнсүз тиктешти. Эч кандай сөз сүйлөнбөдү.

   Сыртта таң жарып калды.  Таң атышын эле күтүп отурган Айша, сабакка барууга даярданды. Убакыт эрте болсо да, кийимдерин эмеректен  алып жатты. Алымбек баарын байкап жатты. Ачуусу жазылсын деген Алымбек, аялынын кадамына байкоо салып тыңшап жата берди.

    Даяр болгон Айша, сыртка чыгуу үчүн оозгу эшикке келип, эшикти түрттү. Ача албай койду. Демек, эшик бек… Ким бекиткенин билет. Алымбектин жанына келди:

Мен сабакка барам. Чыгарып кой.

– Айша… Бүгүн эртерээк келсең… Айылга баралы?

– …

   Айшадан үн чыкпады. Алымбек төшөктөн туруп, эшикти ачты. Чыгууга камданып турган Айшаны кучактап:

– Айша, сени сүйөм, билесиң. Бардык мүнөзүңө чыдай берем. Өзгөрчү эми…

   Айша Алымбектин кучагынан бошонуп, сыртка обдулду.

–  Алымбек, мен… Жүрөгүмдүн айтканын угамын,- деди да, тыпылдап тепкичтен ылдый жүгүрүп кетти.

                                        *

   Көпкө чейин ойлонуп жаткан Алымбек, оор үшкүрүп жиберди. Өткөн күндөрү бир гана санаага сала берээрин билет. Бала кезинен сүрөт чиймелей  койгон өнөрү бар. Азыр да чиймелеп жүргөн альбомун колуна алып, барактарын барактай баштады. Альбомдо көптөгөн сүрөттөр бар: жаратылыш, же жөн эле үй буюмдары, талаалар, тоолор…  Эмнени кааласа, ошону тарта бере турган. Анан да, дайыма кыздын сүрөтүн тартат. Сүрөттөгү кыз ким экенин да билбейт. Жөн гана, кыялындагы кыз… Азыр ошол кыздын  сүрөттөрүн барактап ачып, кимдир бирөөнүн элесин издегенсип тигилди. Бул сүрөт, Алымбекке жагымдуу да, жагымсыз да сезимдерди тартуулайт. Балким, Айша менен жашаган күндөрүн эске салат…

    Эшик ачылып, шашыла басып Нускайым кирди.

Мен келди- им! Сени сагынып!

   Нускайым Алымбекти  кучактады. Алымбек да аялын эркелетип, эки бетинен өптү. Нускайым Алымбекти карап:

Сага эмне болду, Алымбек? Көздөрүң ойлуу, кайгылуу?

– А жок…эчтеке. Сен жок ойго бата түштүм окшойт. Жакшы эле, жаным. Уктайлыбы?

– Ооба, уктайлы, жаным.

–  Ии, жаным.

   Алымбек аялын кучактады. Ушуну эле күтүп турган Нускайым да, Алымбектин кучагына боюн таштады.


Кененирээк …   /  Devamı var       



 Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net