Улуу залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 12 декабрь 1928- 2008ж.ж (92жаш) туулган күнүн утурлап.


Алтын тамга басылып.


Калем кармап жазгым келип өзүңдү,
Ташка тамга баскандай сөзүңдү. ,,
Адам болуу күндө кыйын”- болсо да,
Улап келет улуу кыргыз көчүңдү.


Ар бир жазган чыгармаңдын маңызы,
Жан дүйнөгө берип турат тамыскы.
Аралашып кошо жүргөн сыяктуу,
Алдастатат ой кыялды чабытты.


Ак кемени күтүп көлдүн жээгинен ,
Эне Сайга баргым келип элирем.
Эрте жазда учуп келген турнадай,
Энтигемин алыс учуп кечигем.


Кызыл алма кирип менин түшүмө ,
Кызгалдактын кызыгамын түрүнө.
Жете албай Саманчынын жолуна,
Толгонайдай толгономун күнүгө.


Турмуш жолун айгинелеп бапестеп,
Газетчинин жүргөн күнүн элестеп.
Кылым дагы карытып бир күндү,
Элди жүрдүң ынтымакка жетелеп.


Күтүп алып кызыл жоолук жалжалың,
Бетме беттеп далай жолу барганмын.
Аралашып каарман болуп жазылган,
Дүйшөнүңдөн билим кенин алганмын.


Жерин коргоп Майсалбектей жигитиң,
Ак шумкарың асман тиреп чабыттайт.
Жаштыгынан жароокер Жамийлаң,
Жаныбарым Гүлсары аттай арыштайт.


Ак булутуң жандап барып элиңди,
Акбаранын көз жаштары төгүлдү.
Кыянаттык кылбагын деп элиңе,
Кыяматтың жолун тосуп бекилди.


Жер энеге жалынамын кайрылып,
Даниярдан калгым келбей айрылып.
Канча тилге которулуп чыгармаң,
Окуп келет дүйнө эли багынып.


Ак калпакчан пейлиң ак ачылып,
Жылдыз болуп нуруң келет чачылып.
Тоолор кулап кетсе дагы артыңдан,
Калды атың тарыхта алтын басылып.


Автор; Кайыргул Жолдошбековна.
АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикменин жетечиси.

Yazar; Kairgul Joldoshbekovna.
www.kafiye.net