şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Кереметүү
Кереметүү, аткан таңга эркелеп,
Курам ырды, эргүүлөрүм жетелеп.
Кусалыктын, аралында калсам да,
Күмүш күлкүм, чачып турат эселеп.
Кооздугу, сүйүү нурун жамынып,
Көз мончокту, ыр дүйнөмдө тагынып.
Кылымдарга, өчпөсө дейм махабат,,,
Көксулуудай” дастан болуп таанылып.
Кара көзүң, көөдөндөгү сырларың,
Кучагына, алат мени жыргалым.
Кубалашып, ойноп барып булуттай,
Эркелетчи, сезимимдин ырларын.
Кайыр Жазы.
www.kafiye.net
Yorum Yapın