САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 5




Алымбектин үйлөнгөнүнө бир ай болду. Бактылуу күндөрдү кечирип жатат. “Чын эле бактымды таптымбы?”- деп, учурда жашап жаткан бактылуу үй- бүлөлүк турмушуна ишене албай кетет. “Сүйүү бар экен го. Мени да аял сүйөт экен, ээ. А мен баарынан үмүтүмдү үзүп койгон элем… Жаралып калганыма кейиген учурларым болгон… Мен Айшаны кандай сүйсөм, ал да мени сүйүп калаарына ишенгем. Көрсө, зордук менен сүйдүрүп ала албайт экенсиң. Эх… Бир жагы, ал учурда көбүрөөк жаштыгыма баргандырмын. Көп кемчилик, катачылык кетиргендирмин”…

   Эшик ачылып,  ак жоолук салынган келинчеги Нускайым кирди. Төшөктө жаткан Алымбектин жанына тизелей отура калып, кара тору, боорсоктой борсойгон беттеринен өпкүлөдү.

Сагынып кеттим! Өөп- өөп алайынчы!

   Аялынын мындай жагымдуу кылыгына, Алымбектин ичи эзилип, эргиди. Чын дилинен, боорсоктой беттерине күлкү толду.

Хе- хе! Үйгө келдим го, сенин жаныңдамын.

Сен үйдө отурсаң, мен сыртта жүрөм. Мен баарынан кийин үйгө киришим  керек. Ага чейин сагынып, чыдабай кетип жатпаймбы!

   Атыр жыты буркураган жаңы келинчек эңилип, Алымбекти дагы чопулдата өпкүлөп сыртка чыгып кетти.

   Келинчегинин жагымдуу кылыгына эргиген Алымбектин жүрөгү  сүйүнүчтөн катуу согуп, толкунданып турду.

   Эшик жабылаары менен, токтоп калган оюн улантты:

    Ошол күндөн кийин, Айша бир эле жолу кетпеди. Дагы бир жолу качып кетти. Кайра алып келишти… Алымбек жумушуна бир барып келгиче күз келип, окуу башталды. Окуусу себеп болуп, ата- энеси уул- келинин шаарга жашатмак болду. “Өзүлөрүнчө жашашса, бири- бирине жакыныраак болот. Келин да тартынбасын. Бизден тартынып, күйөөсүнө көп жакындаштан уялып жүрбөсүн” деген ойдо болушту.

   Алдыга көптөгөн жакшы ой- максаттар коюлду. Азырынча Алымбек өз жумушунда иштеп тура берет. Андан келгенден кийин, башка жумуш караштырат. Шаардан жумуш таап иштеп баштагандан кийин гана, биротоло келип жашашат. Ага чейин, жумушка кеткиче айылга барып- келип, арасында шаардагы батирге жашай берише турган болуп сүйлөшүлдү.

    Атасы барбалаңдап, бир бөлмөлүү батир тапты. Үй ээси чет өлкөдө болгондуктан, бул үйдү келечекте сатып бермек да болду. Балдарыма деп, кемпири менен чогуу базарга барып, балдарына керектүү тиричилик буюмдарын сатып берди. “Шаарда өз алдыларынча жашап, бири- бирине жакшылап сиңишип кетишсе экен”,- деген гана тилекте болушту.

   Айылда жүрүп билинбеген экен. Шаарга келип жашап кетип жүргөн күндөрдөн баштап, Алымбекке Айша менен жашоо оорураак болуп баратканын сезе баштады. Айылда кайната- кайненесинен тартынат да, элпек кыймылдап, сылык сүйлөйт.  Шаардагы батирге келгенде, ал мүнөзү жоголот. Сабагынан келет. Алымбекке  “кандайсың?” деп салам бербейт. Ал жактан курсагын тойгузуп келеби, чай даярдаганга да көңүлдөнбөйт. Сабагын даярдаганга бүткүл убактысын арнап, Алымбектен өзүн оолак кармайт.

   Алымбек Айшанын куурчактай келбетине, сулуулугуна суктанып, ушундай татынакай аялы бар экендигине кубанат. Анын мындай тоңураак мимилесин көп этибарга алгысы келбеди. “Ортобузду бириктирээр данегибиз болсо, баары жайына келет” деген үмүттү үзбөйт.

   Эх … Бул тилеги жөн гана кыял болуп калаарын сезсе кана…

   Айылдан шаарга эртелеп келишти. Айшаны түз эле окуусуна жеткирди да, өзү батирге келди. Ээн үйдө эмне кылаарын билбей отуруп, уктап кетиптир. Көзүн ачса, Айша сабагынан келээр учур болуптур. Бетин жууп, уйкусун ачты. Керээли кечке кара жумуш кылгансып, курсагы да аябай ачыптыр. “Айша келсе чогуу тамактанабыз” деп, газ плитасына чай коюп, аялын күтө баштады. Көпкө күткөн жок. Эшик ачылып, Айша үйгө кирди.

– Келдиңби, Айша?

   Алымбек кубанып кеткенин жашыра албады. Айшага берген суроосунан кубанганы байкалып калганы,  өзүнө да сезилди.

– Келдим…

– Курсагың кандай? Ач болсоң керек? Мен чай коюп, сени күтүп отургам. Чогуу тамактаналы деп…

Мен ток элемин… Сенин  курсагың ачтыбы?

– Ооба. Эрте мененки боюнча...

   Айша башка сүйлөбөдү. Кийимдерин которуу үчүн, эмеректи ачты. Алымбек башка сүйлөй албады. Көзүнүн кыйыгы менен аялынын ар бир баскан кадамын күзөтө баштады. Жок, аялынын ар бир кыймыл- аракетине суктанып карап жатты. Өңү мала кызыл, этеги тизесин бир аз жапкан Айшанын көйнөгү  денесине куйгандай жарашып, сымбатын ашырып, ажарын  ансайын ачыптыр.  Мала кызыл түс – апапак жүзүнө, кызгылт сары чачына түспөлдөшүп, аппак жүзүнүн албырып турушу, баары…баары Айшага жарашкан. Алымбек аялынын сулуулугуна суктанды, сыймыктанды. “Айшанын бардык тарабы келишкен. Эч бир айыбы жок. Бир гана, бир гана… мүнөзү келишпей жатпайбы… Жүзүнөн байкасаң, кырк кыялы бар деп айтпайсың. Мамилеси суз, муздак… Өзүбүзчө жашасак, бул мүнөзүнөн өзгөрүлөөр… Бул менин сүйүүмдү качан түшүнөт деги?! Бүгүн бизге тоскоол болчу эч ким жок. Эркелетип, көңүлүн алайын”…

   Кийимдерин которгон Айша, ашканадан чыкты. Алымбекке башка сүйлөбөдү. Үндөбөстөн картошка аарчып, кууруп бышырды. А Алымбек чоочун адамдай бөлмөдөн чыкпады. Жанына барганда деле, сөздөрү көп жалгашпаарын билип турду. Андан көрө алаксытпай, тамагын күттү. Убакыт көп деле өтпөй, куурулган картошкасы да бышты. Чымын учса угулчудай тымтырстыкта, кашыктын гана “тырс” дабышы угулуп, тамакты да жеп бүтүштү. Идиш- аягын жууп эле, Айша сабак даярдаганы отурду. Бул көрүнүш дайыма шаарга келгенде кайталанчу. Бул жолу да ушул болду.

   Кечке уктап алган Алымбек, Айшаны көпкө күттү. Тапшырмасы көппү, же сабактары ушунчалык кызыктуубу… Убакыт эки саатка чукулдап баратса да, Айша китеп- дептеринен башын көтөрбөй, сабагын даярдап отура берди. Өздөрү гана бар бул батирде, Алымбек аялы менен ээн- эркин эркелешип алууну каалап жатты. Айылда, Айша үй жумуштарын бүтүрүп киргиче, аргасыз күтчү.  Кээде уктап да кетчү.  А кээ бир күндөрү, уктабай күтүп жатчу. Андайда эртеси күнү денеси шалдырап, чарчап калчу. А азыр ким тоскоол болот? Эч ким… “Жанына барбасам, өзү келип уктачудай эмес” деп, Алымбек ашканада отурган Айшанын жанына келди.

– Жаным, Айша. Чарчабадыңбы? Уктабайсыңбы?

– Жок, чарчаган жокмун. Уйкум деле келбеди …

– Тапшырмаң дагы көппү?

Ооба…

– А мен сени күтүп жатам…

– Сен уктай бер. Мен жазып бүтүп уктайм.

– Сенсиз жаткым келбей жатат. Айша, жүр уктайлы. Эч ким жок, экөөбүз гана…

Ананыраак…

   Ары- бери айтып, Алымбек Айшаны бирге уктоого көндүрө албады. Төшөккө барып жатты. Уйкусу да келбеди. Айшанын макул болбой жатканына, ичинен ызаланып да кетти. “Эмне үчүн түшүнбөйт? Баш кошкон күндөн бери сүйөөрүмдү айтып, түшүндүрүп келе жатам. Эмнеге менден баш тартат?  Менин аялым экенин качан түшүнөт? Карачы, сабагын бүтсө да отурат?”.  Алымбек аялына капа эле болбостон, аны ичинен көрө албай да кетип жатты. Ичине ириң толуп, жарыла албай жаткан жарадай, ойлорун ичине батыра алсачы. Ордунда жата албай, Айшанын жанына барып эки жолу  сабак даярдаганын токтотуусун сурап жиберди.

   Айша Алымбектин сөзүн угуп отурса да, анын чакыруусуна эч шашпады. Алымбектин эркектик каалоосуна милдеттүү экендигин билсе да, аткаргысы келбегени байкалып турат. Эки көзү китеп- дептерине тигилип тургандай болгону менен, көздөрүндө жан жоктой, кыймылсыз. Бир чекитти тиктеп, ойлуу. Айшанын  окубай эле,  жөн гана ойлуу отурганынын себебин, Алымбек билет. Айшанын максаты- убакытты созуу. Жөн эле отурганын, Айша өзү да билдирип койбодубу. Алымбектин чыдамы калбады. Төшөгүнөн туруп барып, Айшанын жанына келди.

– Айша, сен окубай эле отурасың. Жүр, болду эми, уктайлы…

– Алымбек, мени тынч койчу.

– Жок, сен жаныма жатмайын, тынч ала албайм.

– …

   Айша жооп бербеди.

Кененирээк …   /  Devamı var       



 Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net