САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 4





Кезектеги эки ай мөөнөтү да аяктады. Бул эки айды кантип өткөргөнүн Алымбек менен Жараткан өзү  билээр… Ойлор ичинен жеп,  санаага салдырган күн- түндөрдү өткөрдү. Кечээги келбеттүү, толуп турган кара тору  жигит, бүгүн азыраак шапайып, катуу чарчагандай кебете менен Ошко келди.

   Досу Абылга жолугуп кетүүнү чечти. Ага  Айша менен  болгон жашоосун айтып берип, агынан жарылып жеңилдеп алгысы келди. Антпесе, баары  ичине батпачудай. Буга чейин келип жүргөндөгү максаты башка болсо, азыркы максаты – аялы Айша жөнүндө.

   Күндүн ысып калган мезгили. Кооз, түстүү канат- куйруктарын келиштире жайган ажайып тоос кушундай көрктүү, кабат- кабат шактарын керилте жайган жапжашыл кооз, көлөкөсү кең, салкын мажүрүм талдын түбүндө эки дос сырдашып отурду. Алымбек Айшанын өзүнө жакпаган мүнөздөрүн айтып отуруп, Абылга суроо берди.

Айтчы, Абыл… Айшанын жүрөгүн кантип жумшартсам болот? Же...

Эмне, же?

– Кээде ойлонуп кетем, же башканы сүйүп жүргөн бекен деп. Бирок, Айша мага “таза” келди. Ошонусуна ыраазы болом. Олуттуу сүйүүсү болгондур, балким…

– Билбейм, Алымбек. Айша менен жатаканадан таанышкам, негизи. Билесиң го, кара курсак үчүн кыздардын бөлмөсүн аңдып жүрөөрүбүздү. Кээде алардын бөлмөсүнөн тамактанып калчубуз. Жакшы кыз өзү. Башка группада окуйт да, жигити барбы, жокпу, анысын так билбейт элем…

– Абыл, менин коркконум… Кээде “кетип каламын, сени менен жашабайм” деп коркутат. Мен жашоомду Айша менен гана элестетем. Аны жакшы көрөм… Гүлжандан кутулууну ойлоп, Айшага шашылып үйлөнүп алдым. Өзүмө жакындатып үйлөнбөдүм, ошол менин катачылыгым болуп калды. Гүлжан “кош бойлуумун” дебегенде, жакшылап таанышып, көндүрүп үйлөнмөкмүн…

– Кетемин дейби, э?

– Ооба.

Алымбек, балким сага таарынып ошентип жаткандыр. Ала качып үйлөнгөндүгүң үчүн. Алымбек, Айша кош бойлуу болуп калса, “кетемин” дебей калат. Балалуу болоорун билсе, кетүүнү ойлойт беле? Намыс үчүн да жашайт да. Балалуу болсо каякка барат? Кимге батат? Сен менин оюмду түшүндүңбү?

– Ооба.

Анда, досум. Эртерээк балалуу болуунун аракетин көр.

– …

   “Айтса, айтпаса да… Абыл туура айтат. Тез арада кош бойлуу болсо… Аракетти баштайын!”...

   Алымбек алдына ушул максатты коюп, үйгө келди.

   Алымбексиз жашаганга, Айша көнө түшүптүр. Мурункудай сумсайбай, беттери нурданып, көздөрү жандана түшкөн. Алымбек үйгө кирип келгенде, Айшанын жүзүндө сүйүнүчтүн белгиси болбоду. Айшанын бул абалын, Алымбек эле эмес, энеси да байкап койду. Мындай суз жолугушууну көрүп, жүрөгү “тыз” дей, баласын аяды. Ортодо сүйүү жоктугун жүрөгү менен сезсе, а көзү далилдеп көрсөтүп коюп жатпайбы…

   Алымбек жүрөксүп күткөн түн да болду. Айшада өзгөрүү жок. Муздак… Жанына жаткан күйөөсүнө кайдыгер. Алымбек түз эле оюндагы максатын ишке ашырууну баштады. Айша  каршылык көрсөттү. Алымбек бир күндү да текке кетиргиси келбеди…

   Арадан эки-үч күн өтүп калган. Сырттан жуунуп кирген Алымбек, азыр эле бөлмөгө кирип кеткен Айшаны таппай калды. “Кызык, баары жатты. Кайда кетти? Сыртта эч ким жок эле”… Айшаны бир топко чейин күтүп жатты. Убакыт көпкө созулса да, Айша бөлмөгө кирбеди. Алымбектин чыдамы жетпей, сыртка чыкты. Бут кийими турат, демек үйдө. Бөлмөлөрдү ачып карап, Айшаны издей баштады. Тымтырс бөлмөлөр… Мейман келгенде гана ачылчу бөлмөгө да кирди. Жарыгы өчүк. Бөлмөнү тыңшады. Дабыш угулбайт. Артка бурулуп баратып, токтоп калды. Туюму Айша ушул бөлмөдө экендигин сезгендей. Сол бурчта турган столдун үстүндөгү жабууну көтөрдү. Мына сага! Айша бетин колдору менен жаап, бүрүшө отуруптур.

Айша, эмне бул жакка келдиң? Жүр, кир биякка, уктайлы.

А мен сени менен жатып уктагым келбейт.

– Эмнеге, сен менин аялымсың. Мени менен жатышың керек. Жүр, тур бас!

   Айшанын колунан тартты.

– Сен кирип уктай берчи. Мен бир аздан кийин кирем.

   Айшанын эмнеге минтип жатканын, Алымбек сезди. Бирге жатуудан баш тартып, аялы башка бөлмөгө жашынып алганы үчүн, өзүнө жүрөгү ооруду. Ички дүйнөсүн муздак сезим аралады. Ачуусу келди.

– Жок! Азыр чогуу киресиң. Ушул кантип болсун, өз күйөөсүнөн качкан. Жүр дейм!

– Жок!

   Айша макул болбой, Алымбек кармап турган колдорун бошотууга аракеттенди. Алымбек да ансайын бекем кармап, аялыны бирге басууга тарткылай берди.

Коё бер дейм! Кирбейм! Өзүң кирип жата бер!

   Айшанын колу ооруп кетти белем, ачуулуу, өктөм үнү менен сүйлөдү.

Мен сени киресиң дедим!

   Айшанын мынчалык көк беттигине чыдабаган Алымбек, Айшаны алдыга карай булкуп тартты.

   Столдун бурчуна жөлөнүп, буту менен таканчыктап туруп алган Айша, колунун оорусуна чыдабай кетти го: – А- ай!- деп катуу бакырды.

 Кененирээк …   /  Devamı var          


Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net