САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 3


Унаанын эшигин ачып, Айшаны тарткылап калды. Эмне болоорун күтүп турган Алымбекке “бол!” дегенсип көзүн ымдады. Алымбек алып качаарына эми ишенди го, карбаластап кетти. Ошентсе да өзүн жоготподу. Жүрөгү катуу согуп, алкымына келе түшсө да, Айшанын ичкери киргизе түртүп, артынан өзү отурду: – Кеттик! Эшиктер “карс-карс” жабылып, унаа ордунан жылды.

   Капканга түшкөнүн билген кыз, кыйкырды, бакырды. Чыгып кетүүгө аракеттенди. Бирок, майнап чыкпады. Күчүнүн баарын көз жашынан чыгарды. Көпөлөктөй жеңил, куурчактай сулуу кызда -кайдагы күч. Анын жанында отурган жомоктогу дөөлөрдөй, күчүнө толуп турган эки олбурлуу, күчкө толгон жигиттер, кыймылдоого мүмкүндүк беришет беле…

   Кыздын: – Коё бергиле, суранам! Мен барбайм! – деп жалынып- жалбара көз жашын агызганын, Алымбек чымын чаккандай да көрбөдү. “Жана эле күлүп сүйлөшүп жаткан. Асман, Жерди түшүрчүдөй ыйлаганын… Мейли, бул да кыздын шааниси… “Кыз жыргаар жерине ыйлап барат” дешет го… Куда кааласа, мен Айша менен бактылуу болом”…

   Алымбек кыздын ыйын кадыресе көрүнүш катары кабылдап, үйлөнөөрүнө ишенип- ишенбей, башкача толкунданып бара жатты.

   Айылга да жетип келишти. Кеч кирип баратты. Алымбек жол катар досторунун үйүнө токтоп, кыз ала качып келе жатканын кабарлап келди.

   Демейде жумуштан келип, түз эле үйгө кирип барчу Алымбек, унаа менен үйгө кире албай, көчөдө көпкө турушту. Жумуштан келгенин, келгенде да жөн келбей, кыз алып качып келгенин айтуу, кыйынчылык жаратты. Үйгө кирип бара албай, бир топко сүрдөдү. Оо бир топтон кийин гана, короого кирип барды.

– Келдиңби, балам! Курсагың кандай? Же дем аласыңбы?- деген апасынын суроосуна жооп бере албай:- Апа…келин алып келдим…

– Ия, келин!? Жумуштан келе жатып кантип!?

– Ооба, апа… Таанышып калдым эле…

– Кимдин кызы, кайсы жердик экенин билдиңби?

– Жок. Кошуна айылдан экен.

Аа, балам, сурап койгон жакшы болбойт беле… Атаңа айталы, кокуй. Даярданып алсак жакшы болмок да. Мейли эми, жакшылык иш бүтөт.

   Келин келгенин үйдөгүлөрдүн баары укту.  Күтүүсүз кабарга атасы азга токтоп, анан: –

  -Келинди үйгө алып киргиле!- деди. Атанын ушул сөзү гана балдарга жетиштүү эле.

– Жок! Коё бергиле! Мен баары бир калбайм!- деп кыйкырып каршылык көрсөткөн кызды, жигиттер оңой эле үйгө алып кирип отургузуп коюшту. Солкулдап ыйлап жаткан кызды,  жакыныраак таанышы болуп, Абыл сооротуп жатты. Ал эмне демек эле, макул болуудан башка айла жок экендигине кызды көндүрүп жатты.

   Босогону аттап кирген кызга, жоолук салынды. Анын да көңүлү, укугу бар экендигин  эч ким ойлободу, макулдугун эч ким сурабады… Анын ордуна, келин болчу кыздын ата- энеси сураштырылып, алардын алдына баруу камылгасы көрүлдү. Келиндин алдына баруу үчүн- айылдын аттуу- баштуу, кадырлуу аксакалдары “кулдук уруп” барууга чакырылды.

   Алымбек Айшанын жанына отуруп, жакшылап сүйлөшө албады. Бышактап ыйлап отурган кыз, Алымбек менен сүйлөшүүгө алы жок эле. Кызды көрүп, боору ачыды… Бирок, аны коё бере да албайт… Жанында отурган аз убакыттын ичинде, кыз “мен баары бир жашабайм” деген сөздү гана сүйлөдү. Алымбек ордунан туруп баратып Айшага: – Айша, сени бир көрүп жактырып калдым. Баары жакшы болот. Кудай буюрса, экөөбүз жакшы үй- бүлө болобуз”- деп, кыздын ийининен аяр сылап ордунан туруп кетти.

   Жакшы кабар жерде жатпай, бат эле достору, туугандары үйгө келе башташты. Дос- туугандын алдында, Алымбек калп каткырганы менен, ичинде ит өлүп жатты. “Элчилерден эмне деген жооп келет?”- деген тымызын ой, көңүлүндө тикенектей сайылып турду.

   Өх, ий! Көпкө күткөн “элчилер”  да келди. Маңдайы жарыла күлүп, маанайлары ачык келе жаткан кебетелерин көргөндө, Алымбек эки күндөн бери көтөрүп жүргөн кыжаалатчылыктын оор жүгүн  ыргытты.

   Башына жоолук салабыз деп үймөлөктөшүп жүдөтүп, чарчаткан аялдардан кутулуу үчүн гана  жоолукту салынган Айша, ички бөлмөдө ыйлап отурду.  Ата- энесинин макулдугун Айша ичкериден укса, Алымбек “элчилердин” жанында ооздорунан укту.  Алардын  кандай барып келгендигин  толкундануудан жүрөгү тыпырап согуп, беттери албырып угуп отурду.


Кененирээк …   /  Devamı var                   

Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net



САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 3

Arabanın kapısını açtı ve Ayşe’yi çekti. Ne olacağını bekleyen Alymbek’e “Ol!” Göz kırptı. Alymbek, kaçırılacağına ikna olmuştu. Yine de öfkesini kaybetmedi. Kalbi çarpıyordu ve yutmak üzereydi ama Ayşe’yi içeri itti ve arkasına oturdu: – Hadi gidelim! Kapılar hızla kapandı ve araba hareket etti.

   Kapana kısıldığını bilen kız bağırdı ve bağırdı. Çıkmaya çalıştı. Ama boşuna. Tüm gücünü gözyaşlarına boğdu. Kelebek kadar hafif, oyuncak bebek kadar güzel – güç nerede. Yanında oturan peri masalı devleri gibi, güç dolu iki büyük, güçlü adam hareket etmelerine izin verirdi …

Kız dedi ki: – Bırakın lütfen! Gitmeyeceğim! Alymbek onun sinek ısırdığını bile görmedi. “Ve gülüyorlar ve konuşuyorlardı. Cennet ve Dünya ağlıyordu … İşte bu kızın şerefidir …” Zevk için ağlayacak “diyorlar … İnşallah Aisha ile mutlu olacağım” …

   Alymbek kızın ağlamalarını normal karşıladı ve evleneceğine inanmadı.

   Köye de ulaştılar. Geç oluyordu. Alymbek bir arkadaşının evinde durdu ve gelinin kaçırıldığını bildirdi.

Genelde işten eve gelip doğruca eve giden Alymbek eve arabayla giremeyerek uzun süre sokakta kaldı. İşten geldiğini ve sadece gelmediğini söylemek zordu, kızı alıp kaçtı. Eve giremedi, çok ovuşturdu. Sadece bir süre sonra avluya gitti.

“Burada mısın evlat?” Miden nasıl Yoksa nefes alacak mısın? – Annesinin sorusuna cevap veremedi: – Anne … Bir gelin getirdim …

“Evet gelin!? İşten eve gelmeye ne dersiniz?

– Evet anne … yeni tanıştım …

“Kimin kızı ve nereli olduğunu biliyor musun?”

– Yok. Komşu bir köydendi.

“Oğlum, sormak güzel olmaz mıydı … Babana söyle.” Hazırlanmak iyi olur. İyi iş biter.

Evdeki herkes gelinin geldiğini duydu. Babası bir an durakladı, sonra şöyle dedi:

  “Gelini eve götür” dedi. O babanın sözleri tek başına çocuklar için yeterliydi.

– Yok! Bırak! Zaten kalmayacağım! ”Genç adamlar kızı kolayca eve aldılar ve oturttular. Abel, ağlayan kızı onunla tanıştıkça teselli etti. Onu kabul etmekten başka seçeneği olmadığına ikna etmeye çalışıyordu.


   Eşiği geçen kıza bir fular takıldı. Kimse bir hakkı olduğunu düşünmedi, kimse rızasını istemedi … Bunun yerine gelinin ebeveynleri sorgulandı ve yanlarına gitti.


Stok görüldü. Gelinin önüne çıkmak için – köyün ünlü büyükleri “köleliğe” davet edildi.

   Alymbek, Ayşe’nin yanına oturdu ve iyi konuşamadı. Ağlayan kız Alymbek ile konuşamadı. Kız için üzüldü … Ama gitmesine izin vermedi … Kısa bir süre yanında otururken, sadece “Ben zaten yaşamıyorum” dedi. Alymbek kalktı ve Ayşe’ye dedi ki: – Ayşe, seni gördüm ve senden hoşlandım. Her şey güzel olacak. İnşallah iyi bir aile olacağız. ”Omzunu okşadı ve ayağa kalktı.

   İyi haber orada yatmadı ve kısa süre sonra arkadaşlar ve akrabalar eve gelmeye başladı. Bir arkadaşın önünde Alymbek güldü ama köpek içeride ölüyordu. Gizli düşünce, “Elçilerin cevabı nedir?” Kalbini bir diken gibi deldi.

   Oh, oh! Uzun zamandır beklenen “büyükelçiler” de geldi. Alymbek, yüzünde bir gülümseme ve net bir ruh hali görünce iki gündür taşıdığı ağır kaygı yükünü bir kenara attı.

   Sırf yorgun kadınlardan kurtulmak için başörtüsü takan Ayşe, iç odada ağlayarak oturdu. Aisha, ailesinin rızasını içeriden duyarken, Alymbek bunu “büyükelçilerin” ağzından duydu. Dinlerken kalbi heyecanla çarptı.


Кененирээк …   /  Devamı var                   
Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net