САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN


“Телевышкада” иштеген эки айлык мөөнөтү бүткөн Алымбек, үйүнө сапар алды. Куда кааласа, эми үйүндө эки ай дем алат. Жумуш ордунан шаарга келгиче, иңир түштү. Адатынча, дайыма айылга кетүүгө кечигип калганда барчу,  студент досунун батирине түнөп кетүү үчүн токтоду. Сагынышып калган достор, сөздөрү түгөнбөй көңүлдүү сүйлөшүп отурушту. Үйлөнө элек бойдок жигиттердин сөздөрү, “кыздарга барбайлыбы” деген кепке токтолду. Алымбектин досу макул болбой коёбу. Алымбекти ээрчитип, бир окуу жайда окуган кыздар жашачу жатаканага алып барды. Түз эле кыздар жашаган бөлмөгө киришти. Тамаша сөздөр сүйлөнүп, кыздар, балдарды ачык маанайда тосуп алышты. Алымбек бөлмөдө отурган эки кызды сынай, ар бир кыймыл- аракеттерине көз салып жатты.

   Сөздөр- сөзгө уланып, кыздар менен балдар шарактап күлүп отурушкан. Эшик тыкылдап, бөлмөгө бир кыз кирип келди. Сулуулугу өзгөчө, ажарлуу, тармал чачтары кызгылт сары, ак жүздүү кызды көргөндө, Алымбектин көздөрү “жалт” десе, жүрөгү “болк” этти. “Мына, мен издеген дал ушул кыз!”

                                  *

– Жашың келип калды,  балам. Үйлөн эми … Сен теңдүү балдар үйлөнүп- жайлана башташты. Жумуштан чарчап келсең, тосуп алаар аялың болот. Үстү- башың таза. Жумуштан келип эле, дайдип жөнөйсүң. Аял алып, тиричилигиңди жүргүз.

   Апасы жөндүү сүйлөнүп жатты. Мөөнөтү бүтсө үйгө келет. Үй жумушуна кол учунан жардам берип, достору менен көп убактысын өткөрөт. Досторунан да, Алымбектин көбүрөөк убактысын алган, башка бир себеби бар. Оттой ысык денелүү, чоктой ысык эриндүү келинге арбалып, батирине барып түнөп жүргөнүнө көп убакыт болгон. Эки ай убактысынын теңинен көп түндөрүн, ошол кылыгы кыздай, наздуу келиндин коюнунда түнөп өткөрөт. Никеси гана жок болбосо, жигит менен келиндин жашоосу, кадимки жубайлардай.

   Дагы бир жолугушууда кылыктуу жаш келин, Алымбек ойлоп койбогон кабарды угузду:

– Алымбек, мен кош бойлуумун!

– Ия, кимден!?

   Алымбек чочуду. Мындай болоорун, чынында ойлогон эмес. Келинге шектүү карады. Күлүңдөгөн көздөр жалтангансыды. Тике карабады:

– Кимден болмок эле… Сенден да…

   Алымбек, келиндин максатын сезгенсиди. Денелер жуурулушуп, бүтүнгө айланып, ырахатка балкып жаткан эки жуп, назик шыбыр менен бири-бирине “сени сүйөм” деген сөздөрү менен эркелешип, сүйүүлөрүн билдирген учурлары көп эле болот. Келин да ансайын наздуу, кылыктуу шыбырап:”сен мага үйлөнөсүң,ээ?” деп эркелейт. Жигитти махабаттын, кумардын күчү сүйлөтө берет: “макул, үйлөнөбүз, жаным” деп “балп” эте сүйлөп салат. Ошол “балп” этип, ойлонбой сүйлөгөн сөзүнө, “жооп берүүчү учуруң келди” дегенсип, жаш жубан кылыктуу жылмая карап, жообун күтүп жанында жатты. Алымбек келиндин суроолуу көз карашына жооп бербеди. “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө!”. Ордунан туруп, үндөбөстөн шымын кийди да, үйдөн чыгып кетүүгө шашты.

   Апасы айтып жаткан үйлөнүү маселесин, Алымбек эми чындап ойлоно баштады.”Капканга түшүп кала турган болдум… Андан көрө, апам айткандай, үйлөнүп өз оокатымды жасайын. Гүлжанга барганымды токтотпосом болбойт. Өзүм үйлөнө элек жигит болсом, жубан алмак белем… Өз теңимди табайын” деген бүтүмгө келди.

   Жолу ачылып калган келинге барып жүрүп, кыздарга көңүл бурбай жүргөн экен. Кызыгы, үйлөнүүгө шайланганда, өзү жактырып көздөгөн кыз таппады. Ошондон улам, башкалардын жардамына муктаждыгы жаралды.

   Алымбекти үйлөнтүү үчүн, жеңе- желпи, эже- карындаштары жалпы колукту издеп башташты. Тууганынын кимиси болбосун, тапкан кызын Айга, Күнгө теңеп, оозуна батышынча мактап, сүрөттөп келет. Айтылуу Жаныбектей болуп, кыз сынаганы барган Алымбек, жеңе- желпилер тапкан эчен сонун кызды жактырбады. Бири омпок, бири домпок болуп, көңүлүндө  эңсеп жүргөнү болбоду. Бул аралыкта кезектеги нөөмөтү келип, жумушуна кетти.

   Арадан кайра эки ай өтүп кезегин тапшырып, минтип Оштогу студент досу Абылга жолугуп өтмөкчү болду. Жаш, бойдок жигит, шаарга келгенден кийин кыздар менен шарактап, чер жазып кеткиси келди. Ошол максат менен, жатаканага келишкен.

   Бөлмөдөгү кыздарга кошулган кызгылт сары чачтуу аппак кыз, Алымбектин бүткүл оюн ээлеп алды. “Мен издеген кыз… Ушул кызга гана үйлөнөм!”- деп өзүнө сөз берди. Алымбектин оюн окугандай, аппак кыз да Алымбекти карап койду. Көздөр көзгө урунуп, Алымбектин денесин ток ургандай болду.

   Алымбек бул кызды, бир көз караштан сүйүп калды…


Devamı var


Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net