Барам сага

Барам сага күн нуруна жашынып,
Кучагыңа тосуп алчы аярлай.
Айлуу түндө жылдыздарды тагынып,
Күткүн мени жаш наристе баладай.

Жайдын күнү нөшөрлөгөн жаандай,
Тамчы болуп агын сууга мен толом.
Жаздын күнү желаргыга теңселип,
Гүл бакчаңда атыр жыттуу гүл болом.

Көз алдыңда элестетсең эмнени,
Бардыгына заматта мен кубулсам.
Ортобуздан ай – жылдары өтсө да,
Барам сага бир кылчайып бурулсаң.

Элесиңди элестетип асылым,
Эсендигиң күндө тилеп жалынам.
Махабатты тумар кылып тагынып,
Барам сага, мен жетүүгө ашыгам.

Айнура Бекболотова Москва шаары