Кыргызстан менин Мекеним

Карагай, четин, кайыңдар,
Көз жоосун алган көркөмүң.
Мамыктай болуп жайылган,
Көк – жашыл шибер чөптөрүң.

Керилип тирейт асманды,
Көк-жалтаң аска-зоолоруң.
Кылымдап өскөн карагай,
Кароолу өңдүү жайлоонун.

Таштан бир ташка секирип,
Шылдырап аккан булактар.
Моокуму кана шимирип,
Кайберен, аркар, улактар.

Үйдөй зор ташты кулатып,
Агын сууң кирген күрпүлдөп.
Көргөндүн жүрөк үшүтүп,
Саратан жайда күрүлдөп.

Түркүн куш сайрап безенип,
Таңдын бир көркү ачылган.
Акактай болуп шүүдүрүм,
Нуруна күндүн чагылган.

Кыргызстан менин Мекеним,
Байыркы элден-кыргызым.
Киндик кан тамган өзүңдө,
Эркелеп өскөм, мен – кызың.



Айнура БЕКБОЛОТОВА
Москва ш.
www.kafiye.net