Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

Сынака

Email :3
Lira

Сынака




Кур эмес уучу кылым карып артынан,
Кагылайын Кыргыз деген калкыман.
Түшпөйт баштан ак калпагы кийизден,
Ала Тоомдун белгисиндей чалкыган.


Кышпы,жайбы апалар кийиз ийлеген.
Даярдап берип калпакты ме кий деген.
Кыйуусунда кырка тоолор элестейт,
Ак калпакты жигит сүйүп кийгенден.


Апакемдин сандыгында баягы,
Ак калпагы даяр турат камдалуу.
Конокпу же, Кудабы же, балабы,
Ырым кылым кур чыгарбайт аларды.


Жарашыгы түрү менен тигилип,
Жигиттинда Кыргыз экени билинип.
Ак калпактуу эр, азамат бар болсун,
Калпак кийип бааланышып кийинип.



СООДАНБЕКОВНА ЛИРА
5/03/2024
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts