Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

АРТА ЭМГЕК АЙТЫЛААР

Email :3
Lira

Lira: АРТА ЭМГЕК АЙТЫЛААР

/Сынака/



Тизмегинде тизгини жок ээ бербей,
Кыл калемдүү далай чыккан жазуучу.
Тизе бүкпөй тике карап тайманбай,
Бетке айтып кагаз бетке жазышчуу.


Калеми курч,сөздөрү мурч курчуган,
Ички дүйнө күйүп жанып үн чыккан.
Баарын жазып таамай кылып иргектеп,
Үлбүрөгөн ак барака батырган


Чайпалтпастан сансыз ойду көөлгүтүп,
Ыргагында ырга бийлеп чөмүлтүп,
Акын жазат жан дүйнөсү ачылып,
Кереметин кагаздарга көрктөнтүп.


Алтын тамга жазуу болуп жазуулар,
Өтсө өмүр тарых делип айтылаар,
Калемгерлер,жазуучулар артынан,
Өнөрлүү деп алтын сапка басылаар.



*СООДАНБЕКОВНА ЛИРА*

3/03/2024
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts