Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Кулишева Ашира Кучашевна/Kulisheva Ashira Kuchashevna

Өрөөндө кызгалдак

Email :3

Өрөөндө кызгалдак



Өрөөндө кызгалдак өрттөнгөн мезгил.

Өзгөчө шол түскө жан берет шамал.

Сендеги бир күч эх, айлантат жерди..,

Күн көзүн таңгандай сур булут жаман.




Ай болсо туптунук жаңырды эле…

Мен сени ойлонуп, сырдашкам түндө.

Кур түбү булак – тамчылайт ырдап,

Сезимдер ойнойт – кызгалдак гүлдө.

Жаңыртып дүйнөм, сендеги менде:




Ишеним, сезим, арналганган сөздөр.

Аксабайт мезгил, токтобойт өмүр,

Көөдөнүм көксөйт, окшобойт өзгө.

Аксабайт мезгил, токтобойт өмүр…




Ашира Кулишева
www.kafiye.net


Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts