Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Кулишева Ашира Кучашевна/Kulisheva Ashira Kuchashevna

Алла бизге

Email :3

Алла бизге



Алла бизге алп күчтү кылып белек,

Азиянын арстаны эмес белек…

Айрылбайбыз мекендин боор жеринен,

Айрылууга алсыздыкпы, эмне себеп.




“Мекен жери- боор этиң” билсең эгер,

Өз боорунан кескилеп кимдер берет?

Айтпай турган сөз эле айтылды, эх!

Шамалы жок- кыймылдабайт дарак, терек.




Өзөгүнөн өрт чыккан кандай жаман,

Өзүбүздөн жат чыкканбы- дейсиң, демек.

Байлык, бийлик кеселдиги күч алганда

Кантип толсун эскирген тешик челек…




Жети өлчөп, бир кескин – ченеп, ченеп,

Бир муштумга түйүлүү керек, керек.

Бабалардан калган балуу мурасты биз,

Бере алабыз келечекте кантип төлөп.




Бир мүнөттү өткөрбөй билик кармап,

Бир муштумга түйүлүү керек, керек.

Кыйын күндө, кыйчалышта камын жеген,

Кыргыз элдин Кожожаштай уулу мерген,.




Сөзүн айтам эскертип кайра кайра,

“Улуу тоону булгабай, жогол”-деген.

Жең ичинен саткандар жерди бөлүп,

Желмогуз да жакшыраак билсең, сенен.



Ашира Кулишева
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts