Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Маметова Зуурабу Алимбековна /Mametova Zuurabu Alimbekovna

Чүкөдөй өлчөп

Email :4

Чүкөдөй өлчөп



Ч
үкөдөй өлчөп тагдырым чийген,

Чечилбес бекем түйүнгө түйгөн.

Жараткан жашоо-өмүр бак берип,

Саамайдан сылап, чекемден сүйгөн.




Ыйлаган жерде ыйлатып эзген,

Кубанган жерде кубантып келген.

Топташтай чачып акылым, оюм,

Сыноонун түрүн ченебей берген.




Жараткан уста, чебер да экен,

Чыбыктап улам болсун деп бекем.

Алышып тагдыр оюну менен,

Максаттар ишке ашпаган нечен.




Өксүгүн өмүр толтуруу үчүн,

Билемин басаар сапарым узак.

Калемим менен жол чийип өтөм,

Алдыма койсо ким бирөө тузак.




Жашалбай калган жашоомду улап,

Толуктап барам кемтигин кынап.

Жаманын чийип, жакшысын илип,

Келечек күнгө жаксам деп чырак.





Кундузбү Маматова

Куку

02.06.2022

www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts