Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Маметова Зуурабу Алимбековна /Mametova Zuurabu Alimbekovna

КҮЛКҮҢДӨН КҮН УЯЛАТ ШИРИНИМ

Email :3


Конкурска



К
ҮЛКҮҢДӨН КҮН УЯЛАТ ШИРИНИМ





К
үлкүңдөн күн уялат,

Жайнаган жарыгым ай.

Жүзүмдөй мөлтүрөгөн,

Кылыгы шириним ай,

Быйтыйган колдоруңду,

Кытылдай сермелесең,

Эзилииип бара жатам,

Жанымдын жартысы ай.




Ж
үзүңдү айдан коруйм,

Уктасаң узун түндө..

Жытыңа магдыраймын,

Боорума кысып күндө.

Эжигей жытыңдан ай,

Эргидим, кубат алып.

Унутуп бүт көйгөйүм,

Үмүтүм кайра жанып.




Жагымдуу т
үйшүгүңө,

Кубанып түйшөлөмүн.

Каалабайм эч убакта,

Кабагың бүркөлгөнүн.

Сурооңо жооп таппай,

Баш чайкап күлүп алам.

Карегим, кара көзүм,

Жүргүнүң эсен-аман..




Б
үлкүлдөп таттуу ууртуң,

Аруулук назын сунат,

Билгенге бул ирмемде,

Не деген бакыт турат.

Ууртуңдан күлкү кетпей,

Жайнагын, күлө бергин.

Кагылыып кетейиним,

Жайдары жүрө бергин..




Кундузбү Маматова

Куку

02.06.2020
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts