Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова

Сезим күчү…

Email :3

Сезим күчү…


Алыстан карааныңа кагыламын,
Сезимдин ак мончогуң тагынамын.
Жай албай жүрөгүмдүн согушу да,
Өзүңдү минут сайын сагынамын.


Ажарлуу ай жүзүмдү сылап өткөн,
Ал күндөр келет эми биз да күткөн.
Асылым ак сүйүүмдүн ырларысың,
Китебим том том болуп эчак бүткөн.


Күз келди, бара албадым байлыгыма,
Тагдырдын тар жолунда калганымда.
Жок болуп кетким келет бул дүйнөдө,
Жалгыздык жанга батып турганында.


Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna.
www.kafiye.net


Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts