Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова

АК КАРДАГЫ АК ДИЛИМ.

Email :3

АК КАРДАГЫ АК ДИЛИМ.


Аппак кардай тазартайын дилимди,
Алба менин уудай болгон тилимди.
Ансыз дагы жараланган жүрөгүм,
Алсыз болуп турат өзү киргилдүү.


Суукта күлүп жылуу мээрим чачайын,
Сен жок эле болду эми жашайын.
Суйбө мени, сенден алыс качайын,
Сандык түпкө сезим ырын катайын.


Сал калемге толо ырлар жазгының,
Сактай албай сезимиңдин актыгын.
Салпылдаган селсаяка окшошуп,
Сен да тарткын АК СҮЙҮҮНҮН катыгын.


Сени менен өткөрбөймүн жылдарды,
Сенсиз эле чыгарамын ырларды.
Токто десең токтобоймун билип ал,
Теңсинбеймин эми айтпайм сырларды.


Таарынбагын кубанычка толгунуң,
Тарта албай көрдүм сезим кордугун.
Талкаландым бир мүнөттө баардыгын,
Көтөрө албай бир көк мээнин оордугун.


Кайыр.Сезим Мунарасы. 14.11.2018.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts