Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Кулишева Ашира Кучашевна/Kulisheva Ashira Kuchashevna

Коом бүгүн

Email :3

Коом бүгүн



Коом бүгүн жараланды,

Кордолуп табаланды.

Акыйкат зээн кейитип,

Ак жерден караланды.




Коом дагы ооруп турат,

Коргону урап, кулап.

Алсырап алы куруп,

Адилдик тилейт сурап.




Баалуулук бааланбады,

Маселе каралбады.

Манчыркап мазактаган,

Мыйзамдуу камалбады.




Көңүлгө көө сүркөгөн,

Көөдөнү көңдөй болду.

Көтөрүү оңой эмес,

Көпкөндөр көлгө толду.




“Уурулар” эзелтеден,

Элине эсеп берген.

Азыркы ууруларчы,

Атына шек келтирген.




Сүйлөгөн сөзүн билбей,

көсөмдү көзүнө илбей.

Кудайдан чоң болуша,

Кейпинен кемин издей.




Элита- менмин деген,

Элине ээгин керген.

Эңкейсе жакшы болмок,

Эртеңи ээлейт жерден.




Сөздөрдүн дарманы бар,

Сөз күчү, арманы бар.

Калкыңа сүйлөр болсоң,

Карманып, камданып ал.




Ар кимиң, ар тарапка,

Арканды чоё бербе.

Акырет- акыр бир күн,

Армансыз тоё жебе.




Чоңдорду чогуу карап,

Чокудай бийик санап,

Чоң үмүт, тилек менен,

Чоң ишти күндө самап.




Турабыз ар бир жаран,

Туурасын көрсөк кана.

Тууганым деген эмес,

Туурага бербей пара.


Ашира Кулишева
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts