
Жели уруп,
Жели уруп,майда толкун ойго салат,
Добуш салып,үнүн жасап шыбырап.
Ак куулар көл бетинде түгөй болуп,
Эх Ысык-Көл махабаты кыялдантат.
Кызарып күн да батып тоо кырына,
Кол бетине элес түшүп суктандыра.
Олтурам толкун урса жээкте тосуп,
Кечти күтүп, Ысык-Көлдун боюнда.
Ысык-Көлүм ыйык көрүп келемин.
Ааламдан тендешин жок берметим
Толкуп жүрөк бир башкача керемет
Ажарланат көркөму кооз келбетиң
И. Акпарова.
www.kafiye.net




