Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Акын жүрөк жигит бар

Email :3

Акын жүрөк жигит бар



Биз адамбыз, жан дүйнөсү башкача,

Арман-арзуу тепчип өтөт жазгыча.

Кызыл тазыл кызгалдактай кыялдар,

Жашайт бизде чын дүйнөгө баргыча.




Сен күчтүүсүң, сүйүү сага куралдай,

Чабуул кылаар алсырабай, буйдалбай.

Жүрөк толгон сезимдердин учкуну,

Эркин жүрөт кишенделип тушалбай.




Бербесем да сезимиңдин жообун,

Бир теңимин сен жашаган коомдун.

Үлбүрөгөн үмүт отун жандырып,

Себепчиси болом аман сооңдун.




Сендик өмүр махабаттан куру эмес,

Ээлеп турат жылмайыңкы бир элес.

Колуң созуп жетпесең да кыялга,

Үмүт нуру асманыңдан кемибес.




Айтып бүтпөс сезимдердин аруусу,

Мага арналган махабаты, арзуусу.

Араңарда акын жүрөк жигит бар,

Түбөлүктүү эстелик ыр жазуусу.




Райбекова А

www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts