Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Shopping cart

Subtotal $0.00

View cartCheckout

Magazines cover a wide array subjects, including but not limited to fashion, lifestyle, health, politics, business, Entertainment, sports, science,

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

Lira: *ТАГДЫР*

Email :14

Lira: *ТАГДЫР*

Түнт кылдың тагдыр… азаптардан,
Чыны аз, калп жашоо адаттардан.
Жазыгы жок бейкүнөө жашоочумун,
Тажадым көпчүлүктүн арасынан.


Талпынтып учаар кезде кыйындайсың,
Тынч өмүр сүрүп жатсам жымыңдайсың.
Убалдан коркпогон шайтандардын,
Жолунда кошоктошкон шылуундайсың.


Жаманды көкөлөтүп көтөрөсүң,
Көпкөндү көргөн кезде өпкөлөйсүң.
Обтонгон шалакыны көрүп туруп,
Эмнеге тумчуктуруп чөктүрбөйсүң.


Жакшынын эмгегин жашырасың,
Жалбарган үмүтүн калтырасың.
Түбү түшкүр турмуштун айыбыбы,
Жабыркатып оорутуп жаткырасың.



*СООДАНБЕКОВА ЛИРА*2024.5.02.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts